Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:08

АБХАЗИЯ ЖАНА ТҮШТҮК ОСЕТИЯДА КҮНКОРСУЗДУК ДЕМИ КҮЧ АЛУУДА


Амирбек Усманов, Прага Грузиядан өзүн күнкорсуз деп эсептеген Абхазиянын борбору Сухумиге чогулган эл аймактын күнкорсуздугун колдоду. Ырасмий Тбилисинин амирин 1990-жылдардын башынан бери тааныбай келаткан экинчи жикчил аймак - Түштүк Осетиянын борбору Цхинвалиде да бүгүн республиканын эгемендигине колдоо билдирген демонстрация өткөнү жатат. Ал эми орусиялык аскерлер болсо Грузиянын басылып алынган жерлеринде дале калууда.

Cухумидеги жана Цхинвалидеги бүгүнкү демонстрациялар жергиликтүү калктын таанылбаган республикалардын күнкорсуздугун колдогонун даңазалоону көздөйт. Абхазия жана Түштүк Осетия иш жүзүндө, 1990-жылдардын башында өздөрүн күнкорсуз жарыялагандан бери Грузияга баш ийишпейт.

Сухиминин борбордук аянтына чогулган миңдеген абхаздар таанылбаган республиканын президенти Сергей Багапштын Күнкорсуздук жөнүндөгү кайрылуусун колдошту. Кайрылууну Абхаз парламенти кечээ күнкү сессиясында бекиткен эле.

Түштүк осетиялыктар да бүгүн Цхинвалиде жикчил аймактын күнкорсуздугун колдогон демонстрацияга чогулушат. Жыйын алдында Санкт-Петербургдун Маринск театры концерт берет. Театардын директору Валерий Гергиевдин теги осетин.

Таанылбаган республикалардын күнкорсуздугун эл колуна салуу - алардын Грузия менен кош айтышканын жана Орусия бул чөлкөмдөрдү өзүнө кошуп албаганын эл аралык коомчулукка даңазалайт. Бирок Абхаз парламентинин төрага найиби Вячеслав Цугба «Азаттык» радиосуна айтканга караганда, Сухими Москваны Грузиянын «геноцидинен» коргоочу бирден бир калканч катары көрөт:

- Жакында Түштүк Осетияда болгон окуялар Грузиянынын аз улуттарга каршы геноцидин Орусия гана коргой турганын көрсөттү. Орусия тынчтыкты сактоо вазийпасын аткарууда. Орусия калабаны токтотуу үчүн баарын жасады. Азыр эми гуманитардык алааматты токтотуунун амалын кылууда.

Орусия парламентинин жогорку палатасы - Федералдык Кеңеш жикчил аймактардын күнкорсуздугун таануу боюнча кайрылууларын талкуулоо үчүн 25-августа кезексиз сессияга чогулат. Кеңештин төрагасы Сергей Миронов Орусия Абхазия менен Түштүк Осетиянын өз алдынчалыгын таанууга даяр экенине ачык ишара кылды.

Москва Сербиянын мурдакы провинциясы Косовонун эгемендиги таанылгандан кийин, Түштүк Осетия жана Абхазия да эгемен болууга толук акылуу деп санайт.

Талдоочулар Москванын бул эки жикчил аймакты таануусу Орусия-Батыш арасындагы карама-каршылыкты күчөтөт деп боолголошот. Ошол эле учурда, Грузиянын бүтүндүгүн калыбына келтирем деген ураан астында бийликке келген Михаил Саакашвилинин президенттиктен кетүүсүн тездетээри күмөнсүз.

XS
SM
MD
LG