Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:39

ЧЕГАРА САНААСЫ: МАКУЛДАШУУЛАР ТОЛТУРА, АТКАРЫЛЧУСУ АЗ


5-августтан 14-августка чейин Кыргызстандын коңшу өлкөлөр менен чегарасында “Достык – 2008” атайын операциясы өттү. Анын соңунда Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан чегара кызматынын жетекчилери талаштуу жерлерде чарбалык иштерди жүргүзбөө, ортодогу түшүнбөстүктөрдү жергиликтүү жетекчилердин катышуусунда чечүү боюнча макулдашууга кол коюшкан. Кыргызстан тараптын ырасташынча, кыргыз-тажик чегарасында 44 талаштуу жер, ал эми Тажикстан тараптын билдирүүсүндө андай жерлердин саны жетимиштен ашуун.

“Достык - 2008” атайын операциясы тушунда 2 тоннага жакын баңгизаттары, 73 курал, 15 миң ашуун ок-дары колго түшүрүлгөнү, чек ара тартибин бузган 154 адам кармалганы аскерий иш-чаранын жыйынтык жыйынында айтылды. Кыргызстандын Чегара кызматы башка күч түзүмдөрү, коңшу өлкөлөрдөгү кесиптештери менен биргеликте чегарадан уруксатсыз өтүү, баңгижолуна, курал-жарактарды ташууга бөгөт коюу амалында өткөргөн иш-чара максатына жетишкени Бишкектеги жыйында баса белгиленди.

Атайын иш-чаранын биринчиси 5-9-августта Кыргызстандын түштүк чегарасында, экинчиси 10-14-августта Казакстан, Кытай менен чектешкен аймактарда өткөн. Кыргызстандын Чегара кызматынын жетекчиси Замир Молдошев эмдиги жылы атайын операцияга жетекчилик кылуу Кыргызстандын энчисине тиерин маалымдады. Чегара кызматы тарабынан колго түшүрүлгөн баңгизаттардын өтө эле аздыгын З.Молдошев мындайча түшүндүрдү.

- Биз андай иштер менен алектенбейбиз. Биз болгону баңгизаттарды кармагандарга жардам гана кылабыз. Аны кармагандар Баңгизаттарын көзөмөлдөө агенттиги, Коопсуздук кызматы, Ички иштер министрлиги - ушулардын иши. Биз болгону жардам кылабыз. Азыр мына карап көрсөңөр 2 тоннага жакын баңгизат кармалды.

З.Молдошев 14-15-августта Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан Чегара кызматынын жетекчилери Чолпон-Атада жолугуп, чегара жанындагы талаштарды жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте чечүү боюнча макулдашууга кол коюшканын маалымдады. Анын айтуусунда, Кыргызстан менен Тажикстан ортосундагы талаштуу жерелердин саны 44.. Тажикстан 77 талаштуу жерлер бар деп эсептейт.

- “Тамдык” деген жер бар. Көптөн бери ал жер талаш болуп жатат. Ал жерде биздин постубуз бар. Ошол жерден “суу өткөрөбүз, суу тосмо курабыз” деп маселе коюп жатышат. Биз “чегара такталып аныкталмайынча эч кандай курулуш иштери жүрбөшү керек”, деп айттык. Суу тосмо, куурларды өткөрүш керек эмес. Өкмөттөр ортолук комиссия чечкиче баарын токтотуп туруш керек деген чечимге келгенбиз,- дейт З.Молдошев.

Чегарадагы талаштуу жерлердин көптүгүнөн өкмөттөр ортолук комиссиянын иши качан аягына чыгаары белгисиз. Саясат таануучу Токтогул Какчекеев чиештүү маселени маалкатпай чечүүгө тараптардын бирөө да кызыкдар эмес деген пикирде.

- Жогорку деңгээлдеги бийлик бул маселенин каатчылыгын карап, созула беришин акыркы бир чечилет дегендей кол шилтеме болуп калган.

Өзбекстандык эксперт Ташбулат Юлдашев Борбор Азиядагы коңшу өлкөлөрдүн чегарасынын эмдигиче такталбай, аныкталбай келишинин себебин расмий бийликтин көңүл коштугуна байланыштырат.

- Анын негизги себептеринин бири Өзбекстан чег араларынын жабыктыгы, Өзбекстан башка мамлекеттерден өзүн окчун кармап тургандыгы чоң маселелерди козгошко, жөн жай адамдардын карым-катышын жеңилдетишке жардам бербейт. Бул утурумдук, убактылуу өнөктүк катары узак убакытка эсептелген иш эмес.

Айрым байкоочулардын пикиринде, Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы чекара маселесинин такталып, аныкталышы кыйынга туруп жатышы чөлкөмдө бекем орун-очок алып калган өкүмзор бийлик системасына барып такалып, укуктук чиеш маселени саясий үстөмдүккө айлантуу аракетинен ортодогу чегара талаш созулгандан созулуп баратат.

XS
SM
MD
LG