“Биз саясатчы же аскер адамы болбосок, карапайым эле дыйканбыз. Корко турган эчтеме жок деп ойлогонбуз,- деп айтты экинчи бир аял. Осетин солдаттарынын айрымдары ызырынып,калгандары өздөрүн калбаат кармашты, бирок акырында үй-жайыбызды өрттөп жиберишти. Алдаалап качып жөнөгөнүбүздө милиция бизди калкалап, Цхинвалиге алып келип, кантсе да бөөдө өлүмдөн арачылап калды. Түрмөдө жаман мамиле жасашкан жок. Өзөк жалгагыдай тамак, суу берип турушту, кордошкон жок, кайра бизди каракчылардан сактап калышты”.
Бирок туткундар арасында ыдык көргөндөр да болду. “Мен 93төмүн,-деп айтты бир абышка. – Кундак менен желкеге согуп, колумду сындырышты, уулумду сабашты”. Туткундарды алмашуу ишине көз салып турушкан эл аралык Хьюман Райтс Уотч (Human Rights Watch) уюмунун өкүлдөрүнө туткундан бошотулган тургундар Цхинвалиге жакын бир нече кыштак кызыл уук болуп кыйрап калганын айтып беришкен. “Биздин кыштактан эчтеме калган жок, өрттөлүп, күлү көккө сапырылды.Биздин айыл эле эмес, башка кыштактар да күйүп кетти”,- деп айтты туткундардын бири.
Өз ара жетишилген макулдашууга ылайык тараптар туткундарды алмашуу ишин мындан ары да улантканы жатышат. Уруш маалында канча киши барымтага алынып, канчасы качып-тозуп кеткени белгисиз. Грузин өкүлдөрү баары болуп 154 адамдын дареги чыкпай жатканын айтышууда. Түштүк осетин тараптан канча киши дайынсыз экени да тактала элек.