Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:24

АМЕРИКАЛЫК АСКЕРЛЕРДИН ИРАКТАН КАЧАН ЧЫГАРЫЛАРЫ ТАКТАЛДЫБЫ?


Амирбек Усманов, Прага Багдаддан келген кабарларга караганда, Ирак жана АКШ өкмөттөрү Ирактан америкалык аскерлерди чыгарып кетүүнүн мөөнөтү боюнча өз ара мунасага жетишти. Бул макулдашууга ылайык, 2009-жылдын июнь айында америкалык күчтөр Ирактын шаар- кыштактарынан чыгарлат. Ал эми 2011- жылдын аягына карай Иракта америкалык аскерлер калбайт.

«Нью- Йорк Таймс» жана Вашингтон Пост» гезиттеринин жазышынча, Ирактагы америкалык аскерлердин статусун аныктаган келишим долбоорунда аларды өлкөдөн чыгарып кетүүнүн мөөнөттөрү да көрсөтүлгөн. Эки гезит бул жөнүндө ирактык даражалуу дипломат Мухаммад Хамудга шилтеп маалымдады. Бирок Хамуд жана башка ирактык атка минерлер жергиликтүү маалымат булактарына берген маектеринде америкалык аскерлерди чыгарып кетүүнүн мөөнөтү өлкөдөгү кырдаалга жараша дагы тактала турганын билдиришкен.

Азыр Иракта АКШнын 144 миң чамалуу аскери бар жана алардын көбү күжүрмөн жоокерлер. Аскерлердин Улуттар Уюму берген мандаты быйыл жыл соңунда аяктайт. Алардын статусун аныктаган долбоорду Ирактын жетекчилери бүгүн талкууласа, андан соң парламентке бекитүүгө берилет.

АКШнын Мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс бейшемби күнү Багдадда болгон кезде америкалык аскерлердин чыгып кетүү мөөнөтү боюнча маалымат берүүдөн баш тартып койду. Анткен менен аскерлердин статусу боюнча келишим аягына чыгып калганына, ага Ирактагы коопсуздукту камсыздоо боюнча акыркы мезгилде жетишилген ийгиликтер огожо болгонуна көңүл бурду:

- Бул биз үчүн өтө олуттуу ийгилик болду. Биз бул жерде отуруп алып, жаман кырдаалдан чыгуу жөнүндө макулдашып жаткан жокпуз. Биз өткөн жылы чогуу жетишкен маанилүү ийгилигибизди бекемдеген келишим жана ирактык күчтөргө дагы чоң жоопкерчиликти өткөрүп берүү жөнүндө сүйлөшүүдөбүз. Ирактык күчтөр азыр кээ бир аймактарды толук бойдон өздөрү көзөмөлдөп жатат, дагы көп аймактарды өз жоопкерчилигине алат. Ошентип, бул келишим ийгиликтерге негизделди.

Кондолиза Райстын сөзүн Ирактын тышкы иштер министри Хошяр Зебари кубаттады:

- Чоң жылыштар болгону чындык. Мамкатчы Райс бүгүн эртең менен премьер- министр Нури ал-Малики менен өткөргөн сүйлөшүү да үзүрлүү болду. Биз Ирак үчүн, регион үчүн, Ирак менен Кошмо Штаттардын достугу жана кызматташтыгы үчүн маанилүү келишимди түзгөнгө жакын турабыз.

Чындап эле Ирактагы америкалык аскерлердин чыгып кетүү мөөнөтү аныкталчу болсо, бул Ирак жетекчилиги үчүн чоң жеңиш. Анткени, мурда президент Буш аскерлерди чыгаруу козголоңчулардын активдешүүсүнө өбөлгө түзөт деп, АКШ күчтөрүн мекенине кайтаруунун мөөнөтү жөнүндө кеп кылуудан кашчу.

Кабарларга караганда, АКШ адеп сурагандай, америкалык аскерлер кол тийбестик укугуна кызмат учурунда гана ээ болушу ыктымал. Ал эми кызматтан тыш мезгилде жасаган бейчеки иштери үчүн Ирактын мыйзамдарына ылайык жоопко тартылат.

XS
SM
MD
LG