Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:33

ИШЕНБАЙ КАДЫРБЕКОВДУН КАМАЛГАНЫНА ТӨРТ АЙ БОЛДУ


Ишенбай Кадырбековдун камакка алынганына 4 айдын жүзү болду. Анын баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу парламент депутаттарынын, коомчулук өкүлдөрүнүн өтүнүчтөрү жоопсуз калууда. И.Кадырбековду коргоо комитетинин онго жакын мүчөсүнүн 14-августтан 21-августка чейинки ачкалыгы натыйжасыз аяктады. И.Кадырбековго Кыргызстандын Каржы полициясы кызматынан кыянат пайдаланган деп айып коюуда.

Кыргызстандын Каржы полициясы Ишенбай Кадырбековго 2005-2008-жылдары Архитектура жана курулуш агенттигин башкарып турган кезинде кызматынан кыянат пайдаланган деп кине коюп, ушул жылдын 26-апрелинде камакка алган.

- Ага Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 203-берененин 2-пункту боюнча 5 эпизоддон турган кылмыш иши козголгон. 5 айдан бери И.Кадырбеков Бишкек СИЗОсунда олтурат, – дейт И.Кадырбековдун тарапкерлеринин бири Ишен Айтымбетов.

Анын ырасташынча, Ишенбай Кадырбековдун баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу өтүнүчтөрдүн бирөө да канааттандырылган жок. Бишкектин Ленин райондук сотунун чечими менен анын камакта отурушу 26-августка чейин узартылган.

Архитектура жана курулуш агенттигинин мурдагы жетекчисинин баш коргоо чарасын өзгөртүү аракетинен эч кандай натыйжа чыкпаганын И.Кадырбековду коргоо комитетинин башчысы Асыл Жаманова да ырастайт.

- Болгон инстанциялардын баарына кайрылдык. Эч кандай жооп болбогондуктан биз аргасыздан акыркы кадамыбыз деп ачкачылык акциясын 14-августта саат тогузда ошо Ишенбай Кадырбековду коргоо комитетинин мүчөлөрү, Нарын шаарынын жашоочуларынан өз ыктыяры менен келишип, ачкачылыкты 14 адам баштады эле 2-күнү 10 адам калдык.

Нааразылык билдирүүнүн алдагыдай ыкмасынан натыйжа чыкпасын көргөн соң акциянын катышуучулары 21-августта ачкалыкты токтотушту. Анын себеп-жөнүн Токтобай Кадырбеков жергиликтүү бийликтин кайдыгерлигине байланыштырат.

- Бир көңүл бурган жок. Кыргызстандын бийликтегилерине, Бишкектегилерге канча кагаз жөнөттүк. Жок дегенде бир келип койсо болмок.

Кыргызстандын каржы полициясынын тергөө бөлүмүнүн жетекчисинин орунбасары Ислам Боров тергөө амалдары качан аяктарын билбей тургандыгын И.Кадырбеков камакка алынгандын эртеси эле жарыя кылган.

- Кылмыш-жаза процессуалдык кодексте тергөө амалдарын жүргүзүүгө 2 ай убакыт бөлүнгөн. Эгер ал узартылып калса бир жылга чейинки убакытка уруксат берилет. Кошумча фактылар чыгып, аны аныктоо зарылдыгы туулуп калса, себеп дегенде кошумча экспертиза, дагы көп иштер жасалышы керек болот. Ошондон мен так айта албайм.

4 айдан ашуун убакыт созулган тергөө иштери соңуна чыккан-чыкпаганын билбестигин Каржы полициясынын маалымат катчысы Зулкайнар Сарытаев да ырастады.

- Азырынча эч нерсе айта албайм. Баарысы тергөөчүлөрдө.

Каржы полициясы И.Кадырбековго каршы козголгон кылмыш ишинде эч кандай саясий кызыкчылык жоктугун, ал катардагы кылмыш иши экенин жарыя кылып келатат. Ишенбай Кадырбековдун тарапкерлери бул иш саясий куугунтук дешет. А.Акаевден кийин аз убакыт президент милдетин аткарып калган ишмердин баш коргоо чарасын өзгөртүү маселесинин чечилбей жатышы антишке негиз берчү себептерди бири экенин белгилешүүдө.

XS
SM
MD
LG