Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:23

ТҮШТҮК ОСЕТИЯ ГРУЗИН ТУРГУНДАРЫН КАБЫЛ АЛААРЫ БЕЛГИСИЗ


Түштүк Осетиянын жетекчиси Эдуард Кокойты жаңжал бүткөндөн кийин улуту грузин тургундар кайра кабыл алынаары тууралуу эки ача белги берип жатат.

Кечээ Эдуард Кокойты Бириккен Улуттардын Качкындар боюнча баш комиссарын "бардык качкындар улутуна карабастан, Түштүк Осетияга кайта алат" деп ишендирди. Комиссар Антонио Гутеррес - жаңжал башталгандан бери Түштүк Осетияда БУУдан келген алгачкы өкүл болуп калды.

Бирок “Ассошиэйтед Пресс” агенттиги менен маегинде Кокойты мурдагы жаңжалдан кийин түштүк осетиндер Грузияга кайта албагандыктан, грузин улутундагы Түштүк Осетиянын тургундары да үйлөрүнө кайрылып келе албастыгын кыйытты.

БУУнун качкындар агенттигинин эсебинде, жаңжал башталгандан бери Грузияда, анын ичинде Түштүк Осетияда 150 миң чакты киши үй-жайсыз калды.

Орусия кечээ Грузиянын ичкери тарабындагы аскерлерин алып кеткендигин бышыктады, бирок Москва Түштүк Осетия жана Абхаз жумурияттарын айланта тынчтык аскерлери жайгаштырыла тургандыгын эскерткен.

Грузиянын президенти Михаил Саакашвили бул күнү орус аскерлери борбордук Гори шаарынан кеткени менен Кара деңиздеги Поти портуна, өлкөнүн батышындагы жана Абхазиядагы дагы башка шаарларга баруучу жолдорду көзөмөлдөөнү улантып жаткандыгын билдирди. Өлкөнүн улуттук коопсуздук кеңешинде кечээ кечинде сүйлөгөн сөзүндө Саакашвили дагы буларга токтолду:

- Өзүбүздү сооротпойлук да алдабайлык, Грузиянын толук боштондук алышынын жолу катуу болгону калды. Баскынчы күчтөрдүн ордуна эл аралык байкоочулар тобу келмейинче, Грузиянын толук эгемендүүлүгү жана жаңжалдын токтошу тууралуу ойлоого да болбой тургандыгы анык болуп калды.

Бирок Түштүк Осетия да, Абхазия да эл аралык тынчтык аскерлерине каршы экени маалым. Мындай күчтөрдү азыр Европа Биримдиги ойлонуштуруп жатат.

АКШнын президенти Жорж Буш жана орустар менен грузиндердин элдешүүсүнө арачы болгон Франциянын президенти Николя Саркози экөө тең "Орусия элдешүү келишими боюнча өздөрүнө алган милдеттенмесин аткарган жок" деп жатышат.

XS
SM
MD
LG