Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:04

БАРАК ОБАМА ЖО БАЙДЕН МЕНЕН ТАНДЕМ ТҮЗДҮ


Кубат Чекиров, Прага АКШдагы ири партиялардын бири - Демократиялык партиянын мүчөлөрү 25-августта Денвер шаарында өз курултайына чогулуп, партиянын атынан президенттикке жана вице-президентикке талапкерлердин ысымдарын расмий жарыялашмакчы. Ишембиде резиденттикке талапкер катары чыгаары күтүлгөн сенатор Барак Обама (Barack Obama) демократ сенатор Жозеф (Жо) Байденди (Joseph/Joe Biden) өзүнүн вице-президенти катары тандаганын билдирген. Эки саясатчы тең Обама шайланган Иллинойс штатында Спрингфилд (Springfield) шаарында калайык алдында чыгып сүйлөштү. 35 жылдан бери сенатордукту аркалаган тажрыйбалуу саясатчы Байденди Обама баскан өмүр жолу менен өзүнүн эң мыкты адам экенин айгинелеген чынчыл инсан катары мактоого алды.

Обама менен Жозеф (Жо) Байден өздөрүнүн чечими жөнүндө билдирүү үчүн ишембиде (23-августта) Иллинойс штатындагы Спрингфилд шаарында эл астына биринчи жолу бирге чыгышты.

Президенттик шайлоого өзүнүн талапкерлигин коеру жөнүндө Обама 19 ай мурун дал ушул жерден жар салган. Шаардык соттун тарыхый имаратынын алдында болгон жыйында Обама Байденди вице-президентикке тажрыйбасы жана көз карашы төп келген инсан катары сыпаттап, мындай адамды көпкө издегендигин айтып өттү:

- Көп айлар бою мен өзүмө шерик болуп, бул өнөктүктү чогуу жыйынтыктай турган лидерди издеп жүрдүм. Мага кошулуп Вашингтонду америкалыктарга иштете турган лидерди издеп жүрдүм. Мен баалар улам өсүп жаткан чакта жумушчулардын түйшүгүн түшүнгөн, алардын ой-тилегин биринчи орунга койгон лидерди издедим. Улам өзгөрүп жаткан дүйнөдө АКШнын алдындагы турган милдеттерди таасын аңдаган, коопсуздугубуздун акыбалын, сегиз жылдай артка чегинген тышкы саясатыбыздын түйшүктөрүн мыкты түшүнгөн лидерди издеп жүрдүм.

Куттуктоолор жана кол чабуулар астында Обама акыры өзүнүн жылдызы түшкөн адамдын атын атады.

"Жо Байден дал ушундай сейрек касиеттерди өзүнө ширеткен адам. Ондогон жылдар бою ал Вашингтонго өзгөрүүлөрдү алып келип жатты, бирок Вашингтон анын өзүн өзгөртө алган жок. Ал ортоңку таптын кызыкчылыгын жүрөк чордонунда уялаткан тышкы саясат боюнча адис. Ал диктаторлорду тик багып карап, жалтанткан жана америкалык полиция кызматкерлери менен өрт өчүргүчтөрдүн таламын талашып келаткан киши. Ал өлкөбүздү туура нукка кайра кайтаруу үчүн менин өнөктөшүм болгонго жарактуу уникалдуу саясатчы",-деди Барак Обама.

Байден өз кезегинде чогулган элге сүйлөгөн сөзүндө, оор экономикалык кырдаалда үйбүлөсүн багуу үчүн жон териси менен иштеген карапайым жумушчунун уулу катары чыйралып өскөнүн айтты. Ал ошондой эле өзүнүн полициялык кызматкерлер жана өрт өчүргүчтөр сыяктуу карапайым америкалыктардын таламын талашуу жаатында рекорд жаратканы үчүн сыймыктанарын билдирди.

Ал Обаманын президенттикке татыктуу талапкер экенин баса белгилөө үчүн Американын тарыхындагы бир чыгаан ишмердин атын атады:

"Президент Линколн бизге өз учурунда оболу бутту туура жерге коюп, анан бекем туруу жөнүндө осуятын айткан эле. Мен бүгүн Спрингфилдде туура жерде аяк баысп турганымды билем. Мен ошондой эле АКШнын келээрки президенти менен, Барак Обама менен жанаша турганым үчүн азыр абдан сыймыктанып турамын", - деди Жозеф Байден.

65 жаштагы Байден өмүрүнүн дээрлик жарымын Американын Сенатында өткөрдү. Ал коопсуздук жана тышкы саясат боюнча эң бир тажрыйбалуу чыгаан адис катары белгилүү. Ал азыркы убакта Сенатта эл аралык саясат боюнча комитеттин төрагасы, ошол себептүү ал эл аралык саясатта али быша элек Обаманын бөксөсүн толуктап, колун кыйла узартмак.

Байден 2002-жылы Иракта согуш баштоо жөнүндө Конгресстин чечимин колдоп бергенине карабастан, көп узабай ал согушка каршы чыгып, президент Жорж Бушту аскердик өнөктүктү иштин көзүн билбей жүргүздү деп айыптап чыккан. Ал оюндагысын жымсалдабай ачык бетке айткандыгы менен элге таанымал.

Байдендин тышкы саясаттагы тажрыйбасына анын карапайым үйбүлөдөн чыккандыгы да кошулуп, алгылыктуу артыкчылык болууда. Ал – автоунаа сатуу менен алектенген соодагердин баласы жана башка сенаторлорго караганда капчыгы анча калың эмес. Ал Вашингтондо турак албастан, күн сайын Делавэр штатынын Уилмингтон шаарындагы өз үйүнөн поезд менен ордо шаарга каттап, башка карапайым кишилердей эле ишке барып-келип турганы үчүн да сыймыктанат.

Улгайып бараткан сенатор адегенде Обама менен Хиларри Клинтонго атаандашып өзүнүн талапкерлигин алып чыккан, бирок жетиштүү добуш албай калган үчүн алгачкы жарыштан чыгып калган. Байден Иран жана Ирак, жана АКШнын тышкы саясаттагы башка нечендеген баш ооруткан көйгөйлөрү жөнүндө байма-бай сүйлөп турган болчу.

Республикачыл партиянын шайлоо штабынын өкүлү Бен Порритт (Ben Porritt) тараткан билдирүүдө, Жон Макккейн Обаманын соңку чечимин «тышкы саясатка тиши өтпөгөн» жана «президент болгонго жетиле элек» адамдын иши катары сынга алды.

Жон Маккейн болсо өз кезегинде вице-президенттик кызматты ишенип тапшыра турган адамын жарыялай элек. Анын көзү түшкөн саясатчылардын ичинде Миннесота штатынын акими Тим Павлентинин (Tim Pawlenty) жана Массачусетс штатынын акими Митт Ромнинин (Mitt Romney) ысымдары айтылууда.

XS
SM
MD
LG