Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:33

Бээжин Олимпиада менен салтанаттуу коштошуп, эстафетаны Лондонго берди


Бүгүн Кытайдын ордо шаарында 29-Олимпия Оюндарынын жабылыш салтанаты өттү. Бээжиндин “Куш уясы” стадионуна 90 миңден ашуун киши катышып, кытайлык жана дүйнөлүк өнөрпоздордун ажайып коцертине күбө болушту. Эл аралык Олимпиадалык Комитеттин президенти Жак Рогге (Jacques Rogge) Олимпия оюндарын жаап жатып, бул жолку оюндар чынында да айрыкча болгонун, мыкты уюштурулганын, Кытай – сырткы дүйнө тууралуу, ал эми дүйнө жүзү – Кытай тууралуу көбүрөөк үйрөнгөнгө мүмкүндүк алышканын белгиледи.
Ал эми Лондондо болсо 40 миңден ашуун киши Бэкингэм сарайынын жанында чогулуп, Бээжиндеги салтанатты сыналгы аркылуу көрүп шаттанып, 2012-жылы Лондондо өтө турган Олимпиадага ак жол каалашты.

XS
SM
MD
LG