Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:29

КЫРГЫЗСТАНДЫН БИР УЧАГЫ КЫТАЙДАН БИШКЕККЕ КЕЛЕ АЛБАЙ ТУРАТ


Өткөн бейшембиден бери Кыргызстандын “Кыргызстан” авиакомпаниясына тиешелүү ТУ-134 учагы Кытайдын Үрүмчү шаарынан Бишкекти көздөй уча албай турат. Ага Бишкектен учуп барып коноордо анын шассиси ачылбай калып, авариялык кырдаалда конгондугу жана кайра учууга Кытайдын аэропортунун коопсуздук инспекторлорунун уруксат бербей койгондугу башкы себеп болгон.

Кыргызстандын жарандык авиация департаментинин инспекция бөлүмүнүн башчысы Александр Аксеновдун айтымында, окуяны иликтөө үчүн комиссия түзүлүп, мүчөлөрү Үрүмчүгө барышты. Инженерлердин алгачкы бүтүмү боюнча учактын дөңгөлөктөрүн сүрүп чыгаруучу гидросоргуч түтүгү жарылып кеткендиктен ал авариялык жол менен конууга мажбур болгон.

Мындай окуялар жыл сайын болот жана аны Кыргызстандын бардык авиакомпанияларына шек келтирип, көбүртүп-жабыртуунун кереги жок, дейт бөлүм башчы Александр Аксенов:

- Кандай маалымат болушу мүмкүн. Комиссия азыр иликтеп жатат. Комиссия иштеп жаткан кезде эч кандай маалымат бере албайбыз.

Ал эми “Кыргызстан” авиакомпаниясынын президенти Эгемберди Мырзабеков менен вице-президенти Таалай Турумбековдор Дубайда жүрүшкөндүктөнбү, телефон чакырыгына жооп беришкен жок.

Унаа жана байланыш министри Нурлан Сулайманов болсо “Азаттыкка” бул окуя тууралуу маалыматы жоктугун билдирди.

Эл аралык авиакаттамда болгон бул опурталдуу окуя боюнча тиешелүү мекеме жетекчилеринин тынчсыздануусу байкалбаганы менен айрым эксперттер эки жылдан бери Кыргызстандагы 22 авиакомпаниясы Европа биримдигине мүчө мамлекеттердин аймагынан учууга уруксат ала албай келатышканын, алырдын баары Еврокомиссиянын кара тизмесине киргенин, бул чечим туура болгонун белгилешет.

Алар Үрүмчү шаарындагы бул окуя Кыргызстандын эл аралык беделине доо келтирээрин айтып жатышат.

“Эсен-Эйр” авиакомпаниясынын кожоюну Бегалы Наргозуевдин баамында, буга эң ириде учактардын коопсуздугуна көз салбаган жана аны талап кылбаган Жарандык авиация департаменти менен “Кыргызстан” авиакомпаниясынын жетекчилеринин иштин көзүн билбегендиги башкы себеп:

- Бул окуя тууралуу мен бүгүн “Азаттыктан” угуп таңгалгалдым. Алигиче Унаа жана байланыш министри да уга элекмин, дептир. Үч күндөн бери Жарандык авиация боюнча департаменттин жашырып жаткандыгы таң калычтуу. Министр билбегенден кийин демек, өкмөт да билбейт. Эреже боюнча, Жарандык авиация боюнча департамент дароо министр менен өкмөткө маалымат бериши керек. Ошон үчүн мындай окуялар мыйзамченемдүү көрүнүш болуп баратат. Жарандык авиация департаментин оңдобосо мындай иштер тез-тез боло бериши мүмкүн. Менин таңгалганым ушул окуяны жаап-жашырууга аракет кылып жатышкандыгы болуп жатат.

Жарандык авиация департаментинин башчысы Алик Аскаров болсо мындай дооматка макул эмес. Анын айтымында, департамент азыр бардык авиакомпанияларды дыкат текшерүүдөн өткөрүп, жараксыздарынын иштөөсүнө тыюу салды:

- Эки жылдан бери Жарандык авиация департаменти эл аралык талаптарга жооп бербеген 19 авиакомпанияны жапты. Учуудан 148 самолет алынды. Учактардын кызмат өтөө мөөнөтү тууралуу өкмөт кабыл алган токтомго ылайык ушул жылдын 1-майынан тарта 30 жыл учкан учак тизмеге да алынбайт, 2010-жылдан тарта 25 жыл учкан самолеттор тизмеге кирбейт. Кырк жыл иштегендерине жүк ташууга гана уруксат берилет. Азыр Кыргызстанда катталган 22 авиакомпаниянын алтоонун иштөөсү убактылуу токтотулган, үчөө иштөөгө уруксатын узартыша элек. Демек, азыр 13 авиакомпаниянын гана иштөөгө уруксаты бар. Бирок, булар дагы Эл аралык жарандык авиациянын эрежелерине ылайык иштелип чыгып, Адилет министрлигинен өткөн талаптардын негизинде текшерүүдөн өтүшөт. Эгерде ал талаптарга жооп бербесе булар дагы иштебей калышат.

Алик Аскаров Кыргызстандагы авиакомпаниялардын Еврокомиссиянын кара тизмесине алынышына кызмат көрсөтүүгө уруксат алган авиакомпаниялардын эл аралык эрежелерди этибарга албай, учактарынын техникалык коопсуздук талаптарга жооп бербегени негиз берди десе, “Эсен-Эйр” авиакомпаниясынын президенти Бегалы Наргозуев тескерисинче, Жарандык авиация департаментиндеги өң-тааныштык түрткү берди деген ойдо:

-Бул кара тизмеден чыга албайбыз. Себеби, Кудайдан жөө качкан чет элдик авиакомпанияларды Кыргызстанга топтоп, каттоодон өткөрүп алганбыз. Кыргызстандын накта өзүнүкү 3-4 компания гана болбосо, калганы - жыйырмадан ашык компания чет элден каттоодон өтө албай келип, Кыргызстанга чогулуп алышкан. Бул жарандык авиация боюнча Кыргызстан кирген Чикаго конвенциясынын талаптарына карама-каршы келет. Ошон үчүн Кыргызстандан авиакомпанияларын кара тизмеге киргизишкен.

Жарандык авиация департаментинин башчысы Алик Аскаров депутаттын мындай пикирин четке кагып, департаменттин мурдагы жетекчилиги эстен чыгарган укуктук-нормативдик актыларды кыска мөөнөттө иштеп чыгып, Адилет министрлигинен өткөрүп, эл аралык деңгээлде иш жүргүзчү инспекторлорду даярдап, авиакомпанияларды эл аралык талапка ылайык иштөөгө өтүп жатышкандыгын белгиледи.

Анын айтымында, кыргыз авиакомпанияларын ушул жылдын октябрь айында Еврокомиссиянын инспекторлору кезектеги текшерүүдөн өткөрүп, чыныгы жарамдууларына Европанын асманында учууга уруксатын берсе алардын аракеттеринин акыбети кайтып, нааразы болуп жаткан авиакомпания жетекчилеринин ишин чыныгы салмактан өткөрөт.

Бул макала даяр болуп калган маалда "Итек-Эйр" компаниясынын "Боинг-737" учагы Бишкектен Тегеранга баратып, "Манастын" жанында кырсыктады. Анын бортунда 90 адам болгон. Демек, Кыргызстандагы авиакомпаниялардын иши дале болсо талапка жооп береби же жокпу деген маселе талаш туудурат. Эми Кыргызстан Еврокомиссиянын кезектеги текшерүүсүнөн жакын арада өтпөй турганы күмөн эмес.

Бүбүкан Досалиева, Бишкек

XS
SM
MD
LG