Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:07

С.ЖУМАБЕКОВ: КАНДЫН КОМПОНЕНТТЕРИ ӨТӨ КӨП КЕРЕК


Маектешкен Аманбек Жапаров, Бишкек 24-августагы учак жарылган кырсыктан жапа чеккендердин дээрлик бардыгы Бишкектеги травматология жана ортопедия боюнча илимий изилдөө борборуна жайгаштырылган. Аталган институттун директору, медицина илимдеринин доктору Сабырбек Жумабеков “Азаттыктын” таңкы түз маегинде авиа кырсыктан жабыр тартып, ооруканада дарыланып жаткандардын абалы тууралуу кеп куруп берди.

“Азаттык”: - Авиа акырсыктан жабыр тарткан канча адам учурда ооруканада дарыланып жатат. Алардын ал-акыбалы кандай?

С. Жумабеков: - Бүгүн бизде 17 адам дарыланып жатат, майып болуп кеткендер жок. Бирок 7 адам өтө оор абалда. Эки түнү менен ушулардын ден-соолугу үчү кармашып, иштеп атабыз бүгүнкү күндө. Дары-дармектердин бардыгы жетиштүү, министрликтин көзөмөлүндө турат. Бүгүнкү күндө жалпы акыбалдары жаман эмес.

“Азаттык”: - Мына ушул дарылоо жолдорунда каражат жагынан болобу, башка жагынан проблемалар жокпу?

С. Жумабеков: - Каражат, дарылоо жагынан проблема жок. Кечээ күнү Ирандан атайын учак келип, алардын дагы дарыгерлери келди бул жерге. Кечээ алар келери менен оорулууларды алып кетебиз деген демилге көтөрүшкөн. Бирок оорулардын акыбалын көрүппү, же биздин дарылап атканыбызды көрүппү алар кайра унчукпай калышты.

“Азаттык”: - Дарыланып жаткандардын арасында ирандыктардын канча атуулу бар?

С. Жумабеков: - Дарыланып жаткандардын арасында 10 атуул ирандыктар.

“Азаттык”: - Сабырбек мырза, “Итек эйр” авиа компаниясынан бирөө жарым келип, жабыр тартакандардын ал-акыбалы менен кызыгып сураштыбы?

С. Жумабеков: - Телефон менен сурап жатышат. Бирок жардам кылабыз деген иретинде эч ким келген жок.

“Азаттык”: - Ал эми авиа компаниядан бирөө жарым жабыркагандардын жакындары менен жолугушуп, ооруканага келип жок деген уюштуруу иштери боюнча жардам берели дегендер болгон жокпу?

С. Жумабеков: - Жок, эч ким басып келген жок. Бул жагынан биздин мэрибиз 2-3 жолу келип кетти, биздин ооруканага 1 млн. сом которуп берди. Министрибиз көп жолу келип, сурап, жардам берип атат. Кандын компоненттери бизге өтө көп керек. Ошол жагынан дагы бизге абдан жакшы жардам берилип атат.

“Азаттык”: - Кан демекчи, ошондой эле күйгөн адамдарга донорлук жардам керек да, шаардык коомчулуктун мамилеси кандай болууда?

С. Жумабеков: - Ошентсе жакшы болот эле. Биз дагы кечээ берген маектерибизде айтып жатабыз, коомчулук көтөрүлүп жардам берсе жакшы болот эле, күйүп кеткен адамдарыбызга кандын компоненттери көп керек болот. Ошол жагы жетишпей жатат. Бирок саламаттык сактоо министрли бизге таап берип атат.

“Азаттык”: - Маегиңизге рахмат. Ишиңизге ийгилик. Дарыланып жаткандар тез сакайып кетишсин.

XS
SM
MD
LG