Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:12

МОСКВА АБХАЗИЯ МЕНЕН ТҮШТҮК ОСЕТИЯНЫН ЭГЕМЕНДИГИН ТААНЫДЫ


Кубат Чекиров, Прага Орусия Грузиянын жикчил аймактары Абхазия менен Түштүк Осетиянын көз каранды эместигин тааныды. Тийиштүү Жарлыкка кол койгонун орус президенти Дмитрий Медведев бүгүн Сочиде болгон Коопсуздук Кеңешинин чукул жыйынында билдирди. Андан мурда Түштүк Осетия менен Абхазиянын көз каранды эместигин таануу маселеси Орусиянын парламентинин эки палатасында тең бир добуштан колдоого алынган. Грузия Москванын бул кадамын эгемен өлкөнүн аймагын ачыктан ачык аннексиялоо фактысы катары айыптады.

Коопсуздук Кеңешинин бүгүнкү жыйыны Грузиянын эки жикчил аймагы Абхазия менен Түштүк Осетиянын көз каранды эместигин таануу маселесине арналды. Сочидеги бул жыйын орус президенти Дмитрий Медведевдин төрагалыгы астында өттү.

Андан соң Орусиянын президенти Дмитрий Медведев бүгүн Грузиянын жикчил аймактары Түштүк Осетия менен Абхазиянын көз каранды эместигин таануу жөнүндө Жарлыкка кол койгонун билдирди:

«Осетин жана абхаз элдеринин мүдөө талаптарын эске алып, БУУнун Жобосун, 1970-жылда кабыл алынган мамлекеттер ортосундагы достук мамилелердин эл аралык укуктарынын принциптерин, 1975-жылдагы Хельсинки актысын жетекчиликке алып, жана башка эл аралык негизги документтерге таянып, мен бүгүн Орус Федерациясы тарабынан Түштүк Осетия менен Абхазиянын көз каранды эместигин таануу жөнүндө Жарлыкка кол койдум»,- деп билдирди президент Дмитрий Медведев.

Дмитрий Медведев Орусиянын атынан башка мамлекеттерди Түштүк Осетия менен Абхазиянын көз каранды эместигин таанууга чакырды.

Ал эми Грузия бийлиги болсо бул чечимди Грузия аймагын Орусия ачыктан-ачык аннексиялады деп сынга алды.

Грузиянын жикчил аймактары Абхазия менен Түштүк Осетиянын көз каранды эместиги жөнүндө маселе мурда кабарлангандай кечээ Орусиянын парламентинин эки палатасында тең бир добуштан колдоого ээ болгон.

Мамлекеттик Дума аталган аймактардын көз каранды эместигин таануу жөнүндө дүйнө өлкөлөрүнүн парламенттерине кайрылган.

Демек, президент Медведев үчүн бул эки жикчил аймактын эгемендигин таануу үчүн эч кандай ички укуктук тоскоолдуктар жок болчу.

Грузиянын аймактык бүтүндүгүн сактоого чакырып келаткан АКШнын президенти Жорж Буш жикчил аймактардын бөлүнүп кетишин таптакыр жол берилгис маселе катары баса белгилеп, алардын эгемендигин таануу аркылуу Орусия Бириккен Улуттардын резолюцияларына каршы кадам жасайт деп кечээ билдирген.

«Мен Орусиянын парламентинин төмөнкү жана жогорку үйлөрү - Федерациялык Кеңеши менен Думанын Абхазия менен Түштүк Осетиянын көз каранды эместигин таануу жөнүндө президент Медведевке жөнөткөн кайрылуусуна абдан кабатырмын. Мен Орусиянын жетекчилерине кайрылып, өзүнүн эл аралык милдеттенмелеринен тайбоого жана бул жикчил аймактарды тааныбоого чакырам»,- деген Буш.

Тынчтык келишими боюнча Москва аскерлеринин көпчүлүгүн жаңжалдуу аймактан чыгарып, бирок айрым бөлүгүн Грузиянын чет жакасында калтырып койду. Ортомчулук милдетти өтөгөн Франция болсо 1-сентябрга Европалык Биримдиктин лидерлерин жыйынга чакырды.

Ал эми АКШнын вице-президенти Дик Чейни Вашингтондун колдоосун көрсөткөнү 2-сентябрда Тбилисиге барган жатат.

XS
SM
MD
LG