Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:28

И.КАДЫРБЕКОВ АЗЫРЫНЧА КАМАКТА КАЛА БЕРМЕКЧИ


26-августта Бишкек шаардык Биринчи май райондук соту кызмат абалынан кыянат пайдаланган делип айыпталып жаткан Архитектура жана курулуш агенттигинин мурдагы жетекчиси Ишенбай Кадырбековдун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча ишти карап, аны дагы алты айга камакта калтыруу чечимин чыгарды. Айыпталуучу Ишенбай Кадырбековдун өзү, ага тагылган кинелерди баарыбир моюнга албай турганын, бийликтин максаты аны көбүрөөк камакта кармоо экенин айтууда. Ага айып таккан Каржы полициясы бул иштин саясат менен байланышы жок экендигин айтып келатат.

Кызмат абалынан кыянат пайдаланган деген айып менен төрт айдан ашуун убакыттан бери камакта жаткан Ишенбай Кадырбековдун баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчүн, Бишкек шаардык Биринчи май райондук соту канааттандырган жок. Жабык эшик аркасында өткөн соттук териштирүүнүн жыйынтыгында, айыптоочу тараптын, “иштин татаалдыгы жана айыпталуучунун бош жүрүүсү тергөөгө кедергисин тийгизиши мүмкүн экендиги”,- тууралуу өтүнүчүн судья канааттандырып, дагы 6 айга камак мөөнөтүн узарткан чечимин чыгарды. И.Кадырбековдун өзү соттун чечими тууралуу мындай дейт:

- Макул боло албайм соттун мындай чечимине. Тергөөнү бүтүш керек эле да. Материалдары деле жок. Бул саясаттын иши болуп атпайбы. Түрмөдө кармаш керек деген саясат болуп аткандан кийин, булар кармап атышат.

Азаттык: - Мына төрт айдан ашуун убакыттан бери бул процесс созулуп келатат. Буга кандай дейсиз?

- Менин оюмча дагы деле созула берет го. Булардын эң негизги максаты – мени түрмөдө кармап туруу.

Айыпталуучунун жактоочусу, мурдагы башкы прокурор Азимбек Бекназаров болсо буларга токтолду:

- Алты айга чейин узартып бергиле дешти эле сот узартып берди. Бирок эмне себептен алты айга чейин узарыш керек деген конкреттүү эч нерсе болгон жок. Формалдуу түрдө гана, “иш оор, таасирдүү киши бош жүрсө тергөөгө жолтоо болот” деген шылтоо айтып, ошону менен узартып коюшту. Жаңы эч нерсе жок.

Ошондой эле анын пикиринде, И.Кадырбековго карата кылмыш ишинин козголушу саясий көрсөтмө. Андан тышкары ал, мурда коррупциялык иштери үчүн айыпталгандар азыр бийликтин бийик бутактарында отурушканын, андыктан И.Кадырбековдун иши буюртма экенин аңдоо кыйынга турбасын айтты:

- Мен генералдык прокурор болуп турганда кылмыш иши козголгон адамдар бүгүн чоң кызматтарда. Бирөө премьер-министр, жетөө өкмөттө министр, дагы бирөө мэр болуп отурат. Ушулардын бардыгы менин убагымда коррупционер катары айыпталып, качып, Кыргызстанга келе албай жүрүшкөн. Мен кызматтан кеткенден кийин Чудинов баш болуп кызматка келишти. Ошол убакта кылмыш иши козголгон алтоо министр болуп калышты, президенттин администрациясында толгон-токойлору отурат, аким болуп жүрүшөт. Ошол себептүү айтып атпаймынбы, бүгүн баары кайрадан тескери болуп калды.

Каржы полициясы бул иштин эч кандай саясатка тиешеси жок экендигин, кылмыш иши далилдердин негизинде козголуп жатканын айтып келатат. Ал эми президенттин маалымат катчысы Нурлан Шакиев, Азимбек Бекназаровдун генералдык прокурор болуп турганда азыркы бир катар чиновниктерге карата козгогон кылмыш иштери тууралуу сөзүн, куру кеп катары эсептейт. “Өзү ал иштердин аягына чыкпагандан кийин, далилдей албагандан кийин айта береби?”,- дейт ал.

XS
SM
MD
LG