Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:50

УЧАКТАГЫ КЫЙРООДОН ЖАБЫР ТАРТКАН ТӨРТӨӨ ООР АБАЛДА


Жазгүл Жамангулова, Чүй 24-августyн түнүндө Кыргызстандын “Итек эйр” компаниясына таандык Боинг-737 учагы кырсыкка учурап, алтымыш беш адамдын өмүрүн алып кеткен. Ал эми кырсыктан аман калгандар алгач Бишкек шаарындагы ооруканаларга жаткырылган болчу. Бүгүн түштөн кийин Иран тарап өз жарандарын мекенине алып кетти. Бирок дарыгерлер кырсыктан жабыркагандардын ичинен төртөө дале оор абалда экендигин айтышууда.

Бишкек шаарындагы “Достук” мейманканасында кырсык болгондон бери жабырлануучулардын жакындары үчүн ишеним телефондору иштей баштаган, алар бүгүн дагы өз ишин улантып жатат. Бирок бул жерде кечээгидей көп эл жок, себеби тизмеден жакындарын таба албагандар бүгүн сөөктөр иликтенип жаткан Бишкектеги соттук-медициналык экспертизалык жайга кайрылышууда. Ал эми кечээ ооруканага түшкөн 22 адамдын ичинен ирандык 11 жаран бүгүн өз мекенине кайтып кетишти. Андан сырткары дагы төрт Кыргызстандык бүгүн үйлөрүнө чыгарылды. Бул туурасында Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун башчысы Сабырбек Жумабеков “Азаттыкка” билдирди:

- Ирандыктар жетөө эси-учун жоготуп келишкен эле. Бүгүн баарын өз мекенине алып кетишти. Ал эми кыргызстандыктардын ичинен төртөөнүн абалы дале оор бойдон. Алардын үчөө окуучулар. Биз баарын бекер дарылап жатабыз, дары-дармек жетиштүү эле.

Бирок денеси өтө күйгөн оорулууларга бир топ убакыт кан куюлушу керек. Бишкектеги кан кую борборуна бүгүн жүздөн ашуун адам келип кан беришкен, бирок дале болсо канга болгон муктаждык чоң. Андыктан, “жарандарды жардамга чакырабыз”, - деп билдирди дарыгер, медицина илимдеринин доктору Сабырбек Жумабеков.

Ошондой эле бүгүн Бишкектеги №29 мектеп-гимназияда кырсыктан каза болгондорду эскерген аза күтүү иш чарасы өттү.

Баскетбол боюнча мелдешке Иранга бараткан окуучулардын курама командасы Ринат Исханов, Иван Макарчук, Мамат Абдырахман, Эмил Кожомкулов, Билгиз Ибраев атуу мүчөлөрүн жоготту. Жаш оюнчулар менен бирге №29 мектеп-гимназия директорунун орун басары Олег Кутилков каза болгон.

Баса белгилей кетүүчү нерсе бүгүн (26-август) Кыргыз Республикасында аза күтүү күнү деп жарыялоо туурасында жарлыкка өлкө президенти кечээ кол койгон. Бирок шаардын айрым жерлериндеги байрактар түшпөй, үналгыларда көңүл ачуучу музыкалар жаңырып тургандыктан Маданият министри Султан Раевден кандайча көзөмөл болуп жатканын сурадык.

- Бүгүн бардык жерде байрактар түшүрүлдү. Бирок радиолордо шаңдуу музыкалар кетип атканы чын. Президент жарлыкка кол койгондон кийин аткарыш керек эле. Мунун баарын Бишкек шаардык башкармалыгы көзөмөлгө алуусу керек эле.

Сүрөттө: 29-мектеп-гимназиянын баскетбол боюнча курама командасынын курман болгон мүчөлөрү: Ринат Исханов, Иван Макарчук, Мамат Абдырахман, Эмил Кожомкулов, Билгиз Ибраев жана директордун орун басары Олег Кутилков.

XS
SM
MD
LG