Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:13

ИРАН: АЯТОЛЛА ХАМЕНЕЙИ АХМАДИНЕЖАДГА КОЛДООСУН БИЛДИРДИ


Ирандын руханий лидери Али Хаменейи президент Махмуд Ахмадинежадга колдоосун билдирип, аны Батыш өлкөлөрүнө каршы туруштук берип жатат деп мактап өттү. Айрым серепчилер Хаменейинин бул билдирүүсү кийинки президенттик шайлого даярдык көрүп жаткан Ахмадинежадга күчтүү колдоо болоорун боолгошууда.

Ирандын кийинки президенти ким болот?

Президенттик шайлоого чейин дагы тогуз ай бар жана азырынча эч бир талапкердин ысымы атала элек. Ошого карабастан, Ирандын Жогорку руханий лидери аятолла Али Хаменейи шайлоодо ким жеңишке жетиши керектигин өзү үчүн чечип койгондой.

Иранга байланыштуу бардык маселелерде соңку сөздү айтып келген аятолла Хаменейи 24-августта президент Махмуд Ахмадинежад экинчи мөөнөткө бийликте калуу тууралуу эмитеден ойлонгону оң деген мааниде сүйлөдү. Анын бул сөздөрү Хаменейинин интернеттеги баракчасында () жана расмий ИРНА маалымат агенттигинде жарыяланды.

Бирок мындан бир нече саат өткөндөн кийин Хаменейинин президент Ахмадинежад менен жолугушуусу учурунда жасаган айрым билдирүүлөрү эки интернет баракчасынан тең өчүрүлүп салынды.

Кабарларга караганда, Хаменейи президент Ахмадинежадга “бул жылды президенттик кызматтагы акыркы жыл катары эмес, алгачкы жылдагыдай маанайда иштеңиз”, деп айткан имиш. “Алдыда дагы беш жыл президент болом деп ойлоп иштей бериңиз. Башкача айтканда, ушул жылга дагы төрт жылды кошуп, келечекке пландарды куруп, өлкөнү башкара бериңиз” деген аятолла Хаменейи.

Бирок Иранда чыккан гезиттер Хаменейинин мындай сөзү тууралуу эч жазган жок.

Тегерандагы серепчи Садег Зибакаламдын (Sadegh Zibakalam) баамында, Жогорку руханий лидер өзү жасаган билдирүүнү өзү эле өчүрүүгө буйруган:

- Ал түгүл аятолла Хаменейи жүрөгүнүн түпкүрүндө Ахмадинежаддын алдыдагы президенттик шайлоодо жеңишке жетүүсүн абдан каалаган күндө дагы, ал мындай мүдөөсүн коомчулукка мынчалык ачык билдирмек эмес. Ирандын расмий маалымат агенттигинин иши үчүн жооптуу өкмөттө отурган бийлик өкүлдөрү Хаменейинин сөздөрүнө абдан сүйүнүп кетишкенби, айтор, алардын аятолланын билдирүүсүн коомчулукка жарыялоо ыкмасы өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн жооп бербей турганын өздөрү да аңдабай калышкан.

Кандай болсо дагы, Ирандын Жогорку руханий лидеринин Ахмадинежадга көз көрүнөө колдоосу алдыдагы президенттик шайлоонун акыйкат өтөрүнөн шек туудурат. Хаменейинин президентке ачык колдоо көрсөткөнү - өз чечимин жасай элек шайлоочуларга Ахмадинежад үчүн добуш берүүгө түрткү болот. Айрым байкоочулар 2005-жылы Хаменейинин Ахмадинежадга алдын-ала колдоо көрсөткөнү президенттик шайлоодо чечүүчү ролду ойногонун айтышууда.

Мындай пикирдеги серепчилердин бири – Торонтодо иштеген ирандык журналист Шахрам Рафизаде (Shahram Rafizadeh):

- Ирандын Жогорку руханий лидеринин бул билдирүүсү – анын батасы менен бийликке келген Ахмадинежаддын өкмөтүнө карата шексиз колдоо болуп саналат.

Ирандын президенти Махмуд Ахмадинежад коомчулуктун нааразычылыгын жараткан инфляциянын улам жогорулашы, экономикадагы кыйынчылыктар жана жумушсуздуктун көбөйүшүнөн улам акыркы айларда кескин сынга алынып келүүдө. Иранда инфляция жакында эле 26 пайызга чыгып, расмий маалымат боюнча жумушсуздуктун көрсөткүчү 10 пайызга көтөрүлдү. Бирок экономисттердин баамында, чыныгы көрсөткүч 30 пайызга жетти.

Соңку күндөрү президентти реформачыл гана эмес, эскичил көз караштагы саясатчылар дагы сынга ала баштады.

Өткөн аптада өлкөнүн мурдагы президенти жана Ахмадинежаддын өткөн президенттик шайлоодогу башкы атаандашы Акбар Хашеми Рафсанжани азыркы өкмөттү экономикалык кыйынчылыктар жана электр жарыгына, сууга киргизилген чектөөлөр үчүн кескин сынга алды.

Серепчи Зибакаламдын айтымында, президенттин айрым жактоочулары дагы сындагандардын тарабына өттү.

- Ахмадинежаддын өкмөтү, кандайдыр бир деңгээлде Али Хаменейинин өзү дагы, президенттин экономикада жана бир катар чектөөлөргө, аскердик кол салууларга алып келген дүйнөлүк аренада жүргүзгөн саясаты үчүн сынга алынып келүүдө. Ирандагы көйгөйлөрдү бул өлкөдө байырлагандар көңүлгө албай койо албайт.

Бирок мына ушуга карабастан Хаменейи президент Ахмадинежадды өзөктүк программа багытында жүргүзгөн саясаты үчүн мактап, президент дагы, өкмөт дагы айрым өлкөлөрдүн коркутуп-үркүтүүсүнө алдырган жок деди. Ахмадинежад Хаменейинин бул мактоосун “төшүнө тагылган сыймык медалы” катары баалады.

Айрым байкоочулардын баамында, бирок, Хаменейинин жаңы берген батасы деле Махмуд Ахмадинежадды келээрки жылкы президенттик шайлоодо сактап кала албашы деле ажеп эмес.

XS
SM
MD
LG