Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:29

ХИЛЛАРИ КЛИНТОН ДЕМОКРАТТАРДЫ БАРАК ОБАМАНЫ КОЛДООГО ҮНДӨДҮ


Амирбек Усманов, Прага АКШ Демократтык партиясынын улуттук курултайы шейшемби күнү да өз ишин улантты. Хиллари Клинтон жыйында өз жактоочуларын президентке талапкер Барак Обама үчүн добуш берүүгө чакырды. Дээрлик эки жылга созулган президенттик өнөктүктө Клинтон айым Барак Обамага жеңилип калган эле. Ошон үчүн, Хиллари айым курултайда мурунку атаандашын колдоого өз тарапкерлерин ачык чакыра алабы деген шектенүүлөр айтылып жаткан.

Хиллари Клинтон миңдеген делег аттарга кайрылган алгачкы эле сөзүндө Демпартия ноябрдагы президенттик шайлоодо жеңүүсү үчүн Барак Обаманы колдоого чакырды:

-Мен бу жерге бу түнү эне катары, демократ катары, Нью-Йорктун сенатору катары, америкалык катары жана Барак Обаманын тарапкери катары сыймыктануу менен келдим.

Денвердеги улуттук курултайга келген 4 400 делегаттын теңине жакыны талапкерлер ылганчу «праймериз» шайлоо учурунда Клинтонго ишеним көрсөтүшкөн. Ошондуктан, Хиллари айымдын береги сөзүнөн соң айтылган колдоолор шайлөө өнөктүгү учурунда экиге бөлүнгөн Демпартия кайра бириккендей маанай жаратты. Клинтон да партиянын биримдиги ал үчүн кымбат экенин баса белгиледи:

- Достор, биз сүйгөн өлкөнү колго алчу мезгил келди. Сиздер мен үчүн добуш бердиңиздерби же Барак Обама үчүнбү, ага карабай бир максаттуу партияга бирикчү мезгил жетти. Эч ким четте кала албайт: биз бир командабыз. Келечек үчүн күрөш жүрүүдө. Бул күрөштө жеңүү үчүн биз бирге болушубуз абзел.

Бир жарым жылдан ашык мөөнөт созулган шайлоо өнөктүгү учурундагы добуш берүүлөрдө Хиллари Клинтонду өзгөчө айыл жеринин калкы, жумушчулар жана теги испандар жапырт колдошкон.

Клинтон непада ноябрда республикачыл талапкер Жон МакКейн жеңчү болсо, бул аны тарапкерлери үчүн «жеңилүү» болорун эскертип: «Эч качан МакКейн жеңбейт», деди.

Хиллари айым Обаманы мурда кургак убада менен элди азгырууда десе, бул ирет Обама президент шайланса, бул өлкө үчүн, америкалыктар үчүн саясый да, экономикалык да жактан пайдалуу болорун айтты:

-Барак Обама Ак Үйгө келгенден кийин, экономиканы жандандырат, Американын жумушчуларын коргойт жана замандын дүйнөлүк көйгөйлөрүн чечет. Бул ишти демократтар билишет. Муну биз мурда президент Клинтон жана демократтар менен чогуу жасаганбыз. Биз эми Обамага добуш берсек, андай ишти президент Обама жана демократтар менен бирге жасайбыз.

Хилларинин күйөөсү АКШнын мурдакы президенти Билл Клинтон шаршемби күнү курултай Барак Обама Демпартиянын атынан ырасмий түрдө өлкө президентигине талапкер деп аталгандан кийин сөз сүйлөйт.

XS
SM
MD
LG