Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:52

М.НИЯЗОВ: КЫРГЫЗСТАН АКЫЛ КАЛЧАП БИР ЧЕЧИМГЕ КЕЛИШИ КЕРЕК


Маектешкен Аманбек Жапаров, Бишкек ШКУнун кезектеги 8-саммитинде Кыргызстан акыл калчап туура чечимге келиши керектигин Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы, саясий жана коомдук ишмер Мирослав Ниязов “Азаттыктын” таңкы маегинде билдирди. Анын айтымында, Кыргызстан туруктуу позицияны кармабай “эгерде бийлик башындагылар кылтыңдап ойноп кетсе, Кыргызстан эл аралык аренада четке сүрүлүп калышы мүмкүн.”

“Азаттык”: - Бүгүн Дүйшөмү шаарында ШКУнун саммитинде негизинен Грузия менен Орусиянын ортосундагы Түштүк Осетия, Абхазияга байланыштуу маселе каралышы күтүлүүдө. Ушундай кырды-бычак саясий учурда Кыргызстан кандай позицияны карманышы керек?

M.Ниязов: - Дүйшөмбүдө өтчү ШКУнун саммитинде албетте, Кавказдагы проблемалар көтөрүлөт. Менин оюмча ШКУга мүчө мамлекет башчылары Орусиянын жүргүзүп жаткан саясатын колдоп кетиши дагы мүмкүн. Андан кийин Түштүк Осетия менен Абхазиянын көз карандысыздыгын колдоп бериши мүмкүн. Бирок ошону менен кошо эл аралык аренада кырдаал күчөп, карама-каршылык абдан курч болуп кетиши мүмкүн. Бирок Кыргызстан мында кандайдыр бир тигил жакка же бул жакка кошулбайм деген саясат менен өтө албайт. Анткени Кыргызстан ШКУнун мүчөсү болгондон кийин ШКУну колдоп, акыл менен калчап бир чечимге келиши керек.

“Азаттык”: - ШКУ буга чейин Кыргызстандын аймагынан Манас аба майданындагы АКШнын аскер базасын чыгаруу маселесин кабыргасынан коюп келди эле, аны аткарбагандыгы үчүн Кыргызстан ишенимден кетип калбайбы?

M.Ниязов: - Карама-каршылыктын дагы чеги болуш керек. Чексиз карама-каршылык чоң чатакка алып барышы мүмкүн. Албетте, "Манас" аба майданындагы коалициялык күчтөр боюнча маселе ортого коюлат. Бул дагы терең карала турган маселе. Мен бүгүнкү Ооганстандагы болуп жаткан окуялар оордогонунан улам НАТОнун коалициялык күчтөрү бул жерге келип калды деп ойлойм. Ошол себеп менен Ооганстандагы болуп жаткан окуяны биз дагы четке кагып, коалициялык күчтөр кетсе кете берсин деген ой менен иш кылсак, биз келечегибизге балта чапкандай болобуз. Ошондуктан бул маселени өтө кылдаттык менен терең ойлонуп чечишибиз керек. Бул бүгүн, эртең эле чечиле коюучу маселе эмес. Буга убакыт керек болуп турат.

“Азаттык”: - Кечээ Дүйшөмбү шаарында Орус президенти Дмитрий Медведев Кытайтын лидери Ху Цзиньтао баш болгон башка мамлекеттердин башчылары менен жолугушуптур. Ал эми орус президентининин Курманбек Бакиев менен жолугушканы тууралуу эч нерсе айтыла элек. Айрым байкоочулар Д.Медведев Кыргызстанга салкын мамиле кылып калды дешүүдө. Орусия президенти Бакиевди грузин лидери Саакашвилидей болуп жоогазын ыңкылабы менен бийликке келген адам катары карап жаткан жокбу?

M.Ниязов: - Бул жерде ички саясат болобу, тышкы саясат болобу мамлекеттин ичинде туруктуу позиция болушу керек. Эгерде кыйшаңдап, ойноп кеткенде анда эл аралык аренада бул мамлекет өзүнүн атын дагы жоготуп, өзүнүн акыйкатчылыгын көрсөтө албай четке кагылып калышы мүмкүн. Мен биз туруктуу саясат жүргүзбөй, буга салкын карагандар да болуп калышы мүмкүн деп ойлойм.

XS
SM
MD
LG