Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:40

АВИАКЫРСЫКТЫН СЕБЕПТЕРИ ИЛИКТЕНҮҮДӨ


Бишкекте өткөн жекшемби күнү кечинде болгон авиакырсыктын себептерин иликтөө иштери уланууда. 65 адамдын өмүрүн алган бул окуядан кийин анын себептерин иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия жана атайын жумушчу топтор түзүлгөн. Кыргыз тараптын кайрылуусу боюнча Москвадагы мамлекеттер аралык авиациялык комитеттен да өкүлдөр келишип, көз карандысыз комиссия түзүлгөн. Бул иликтөөгө ирандык адистер да катышууда. Комиссиянын өкүлдөрү бүгүн иликтөө иштеринин жүрүшү тууралуу маалымат беришип, бирок кырсыктын себептери тууралуу кандайдыр бир божомолдорду айтууга азырынча эрте экенин айтышты.

Авиация боюнча мамлекеттер аралык комитеттин адистеринен турган техникалык комиссияны тажрыйбалуу эксперт Леонид Каширский жетектеп, анын курамына кыргыз тараптын да өкулдөрү кирген. Комиссия башчысынын айтымында, учурда бул топ окуя болгон жерде иликтөө иштерин жүргүзүүдө:

- “Биз жакын арада учактын калдыктарын атайын даярдалган аянтчага алып барып, учактын эмнелери калганын аныктайбыз. Учактагы “кара куту” болсо азыр Москвадагы биздин техникалык борборго жиберилди. Алар учак күйгөндө катуу зыянга учураган, бирок андан маалыматтарды алууга болбойт деп айта албайбыз. Азыр андагы маалыматтарды чечмелөөгө даярдыктар көрүлүүдө. Бул иш бир канча убакытты талап кылат”, - деген комиссия жетекчиси Леонид Каширский азырынча бул кырсыктын себептери тууралуу кандайдыр бир божомолдорду айтуу эрте экенин кошумчалады.

Кыргызстандын транспорт жана коммуникациялар министри Нурлан Сулайманов болсо кыргыз тараптын бул уюмга кайрылуусунун себептерин мындайча түшүндүрдү:

- Азыр көпчүлүк, айрыкча жапа чеккендер кырсыктын себептери кандай иликтенет, канчалык деңгээлде так, калыс жыйынтык чыгат деген ойдо турат. Ошол себептен иликтөө бир тараптуу болбосун деген негизде атайын ушул көз карандысыз комиссиянын иликтөөсүн тура деп таптык.

Министр Нурлан Сулаймановдун айтымында, мамлекеттик комиссия ушул көз карандысыз комиссиянын жыйынтыгынан соң гана бир чечимге келет жана азырынча эч кандай божомолдоого болбойт.

Комиссия төрагасы Леонид Каширский суроолорго жооп берип жатып буга чейин айтылган учакка кайсы бир жылчыктан аба кирип кетиши мүмкүндүгү тууралуу божомолдорду да четке какты. Анын айтымында, андай учур учак өтө бийиктикке чыкканда гана коркунучтуу болушу мүмүн.

Комиссия жакын арада бул кырсыктан аман калган учкучтарды да сурамакчы. Бактыга жараша авиакырсыктан экипаждын алты мүчөсү тең аман калганы белгилүү.

Кырсыктын себептерин иликтөө иштерине ирандык адистер да катышууда. Министр Нурлан Сулайманов бул өлкөнүн жарандары да кырсыктан курман болгондуктан, алардын иликтөө иштерине катышуусуна эч кандай тоскоолдук болбогонун белгиледи. Министрдин айтымында, иликтөө ишетрине АКШдан өкүлдөр келген жок, бирок зарыл болсо “кара кутудагы” маалыматтарды чечмөөлөгө жардам берүү ниетин билдиришкен

Комиссия төрагасы Леонид Каширский эгер мамлекеттер аралык авициялык комитеттин “кара кутудагы” маалыматтарды чечмелөөгө күчү жетпей калса ошол жабдыкты чыгарган заводко жана АКШнын авиакырсыктарды иликтеген бюросуна кайрылышаарын кошумчалады. Кырсыктын себептерин иликтеп жаткан бул комиссия Чикаго конвенциясынын талаптарына ылайык иш жүргүзмөкчү.

24-августтун кечинде Бишкек-Тегеран багыты боюнча сапар алган Боинг-737 учагы абага көтөрүлгөндөн көп өтпөй, Бишкектин жанындагы Жаңы-Жер айылына түшүп, күйүп кеткен. Бул кырсыктан учактын ичиндеги 90 адамдын 65и курман болгон. Алардын арасында Кыргызстандын, Ирандын, Канаданын, Казакстандын жана Кытайдын жарандары болгон.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG