Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:22

МОСКВА МЕНЕН БАТЫШТЫН ГРУЗИЯ БОЮНЧА ТИРЕШҮҮСҮ КУРЧУУДА


Кубат Чекиров, Прага Абхазия менен Түштүк Осетиянын эгемендигин таануу маселеси жөнүндө Москва менен Батыштын ортосунда чыккан дипломатиялык тирешүү барган сайын курчуп баратат, эки тарап тең дүйнөлүк коомчулуктан колдоо издеп жатышат. Батыштын лидерлери Москваны карай улам күчөп сын айтышууда. 1-сентябрда Евробиримдиктин мүчөлөрү чогулуп жыйын куруп, Москвага каршы бирдиктүү майдан түзгөн жатышат. Орусия өз кезегинде Дүйшөмбүдө Шанхай Кызматташтык Уюмундагы Кытай менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн колдоосун алууга дээрлик майнапсыз аракет жасады. Ал ортодо Беларустун президенти Александр Лукащенко Грузиянын эки жикчил аймагынын эгемендигин Москванын тааныганын туура чечим болгон, Орусия үчүн Абхазия менен Түштүк Осетиянын калкынын кайрылуусун колдоодон башка моралдык жолу жок болчу деп билдирди.

Франция Москвага дипломатиялык жол менен таасир көрсөтүү үчүн күч үрөп, Евробиримдиктин өлкөлөрү Орусияга каршы олчойгон санцияларды колдонушу мүмкүн экендигин бейшембиде эскертти.

Франциянын тышкы иштер министри Бернар Кушнер Парижде сүйлөгөн сөзүндө, Биримдиктин лидерлеринин дүйшөмбүгө белгиленген жыйынында «Орусияга карата чектөөлөр жана башка толуп жаткан чараларды көрүү жагы каралып жатканын» билдирди.

Евробиримдиктин жогорку деңгээлдеги жыйынында лидерлер Москванын Абхазия менен Түштүк Осетиянын эгемендигин тааныган чечимине карата бирдиктүү жооп издешмекчи.

Орусия-Грузия куралдуу жаңжалында арачылык милдетти өтөгөн Француз президенти Никола Саркози 27-августта Грузиянын жикчил аймактарын тааныган Москванын чечимин кескин сындап билдирүү жасаган.

- Европа Биримдиги Орусиянын бул аймактардын көз каранды эместигин бир жактуу тааныган чечимин катуу айыптайт. Грузиянын чек арасын бир тараптуу өзгөртүүгө багытталган мындай чечимди эч кабыл алууга мүмкүн эмес», - деп билдирген Никола Саркози.

Батыштан жааган дооматтар менен айыптоолорго каршы коюу үчүн Орусия бейшембиде Тажикстандын борбору Дүйшөмбүдө өткөн ШКУнун чоң жыйынында бул уюмдун мүчө өлкөлөрүнөн колдоо издеди.

Орус президенти Дмитрий Медведев бейшембиде эртең менен Дүйшөмбүдө кабарчыларга сүйлөгөн сөзүндө Грузия маселеси боюнча Орусия Шанхай уюмунан колдоо алганын билдирген.

Медведевдин айтымында бул Батыш өлкөлөрү үчүн өтө олуттуу белги:

- Биз Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө өлкөлөрдүн туруму тийиштүү эл аралык баасын алат деп ишенебиз. Караны ак деп баскынчылыкты актоого аракет кылып жаткандарга бул өтө олуттуу белги болуп саналат.

Бирок Медведевдин мындай ишенимдүү сөзү саммиттин жүрүшүндө тастыкталбагандыгын, ШКУнун башка мүчөлөрү Маскөөгө кызуу колдоо көрсөтүүдөн обочо болууну эп көргөнүн адистер белгилешүүдө.

Шаршембиде болсо Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Цин Ганг кабарчыларга билдирүү жасап, Түштүк Осетия менен Абхазиядагы окуяларга Кытай кабатырланып жатканын гана билдирген.

Байкоочулардын баамында, расмий Кытай жикчил аймактарга байланышкан жаңжалдардын дүрт этип кетишинен өзгөчө сактанып келатат, анткени анын аймагында да, асыресе, Борбордук Азия менен чектешкен Шинжаң-Уйгур автоном районунда жана Тибетте уйгур жана тибет жикчилдери Бээжинден көз каранды эмес болуу үчүн күрөшүп келишет.

ШКУнун курамында Орусия, Кытай, Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстан бар.

Ал ортодо Германиянын тышкы иштер министри Франк Валтер Штайнмайер бейшембиде Москвага кайрылып, грузин аскерлеринин Түштүк Осетияда жасаган кыянат иштери тууралуу Кремлдин доосу боюнча бул аймакта эл аралык көз каранды эмес иликтөө жүргүзүүгө мүмкүндүк берүүгө чакырды.

Ошондой эле Венада бейшембиде ЕККУнун атайын отуруму өттү. Анда Кавказдагы опурталдуу кырдаал талкууга алынды.

26-августта ЕККУ Москванын Абхазия жана Түштүк Осетиянын эгемендигин тааныган чечимин айыптап, ал чечим ЕККУнун өзөктүү принциптерин бузат деп билдирүү жасаган.

Орус аскерлери болсо 28-августта деле Грузиянын Поти шаарынын чет жакасында кала берүүдө.

Аймакта кырдаал дагы эле чыңалган бойдон турат.

Орус аскерлери жаңжал башталганга чейинки жайларына толугу менен качан чыгарылып кетээри дагы эле белгисиз.

XS
SM
MD
LG