Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:54

CӨӨКТӨРДҮ ГЕНЕТИКАЛЫК АНЫКТОО ЭКИ АПТАГА СОЗУЛАТ


Боинг-737 учагындагы кырсыктан каза болгондордун сөөктөрүн генетикалык аныктоого зарыл тиешелүү анализдерди жүргүзгөн ирандык адистер кечээ (28-август) Тегеранга учуп кетишти. Алар менен кошо Кыргызстандан бир адис жана тилмеч кетти. Кыргызстандык адис улам чыккан жыйынтыктарды электрондук почта аркылуу Бишкектеги адистерге жөнөтүп турмакчы. Сөөктөрдү генетикалык аныктоонун жыйынтыгы эки жумадан кийин даяр болоору маалымдалды.

Тегерандан Бишкекке алынып келинген генетикалык аныктоо жасоочу көчмө лаборатория менен кошо келген эксперттер жергиликтүү адистер менен биргеликте сөөктөрдөн жана алардын жакындарынын баарынан тиешелүү анализдерди алышты. Андан соң кечээ (28-август) ирандык адистер Тегеранга учуп кетишти.

Акыркылардан болуп учакта каза болгон казакстандандык, канадалык жана кара-кулжалык маркумдардын туугандарынан анализдер алынды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди:

Биз анализ алуу үчүн каза болгондордун алыстагы туугандары күтүп жаттык, мына акыркы болуп келгендер кан берип атышат. Бүгүн эми ирандык адистер Иранга учуп кетишет. ДНКнын жыйынтыгын эми 12 күн күтөбүз.

Ушул эле күнү кечке маал Бишкектеги соттук-медициналык экспертизалык бюронун алдындагы жабырлангандар менен вице-премьер-министр Эльмира Ибраимова жолугушту.

Эми биз сиздер менен Ирандан биздин адистерге келип түшчү кабарлар боюнча жолугушуп, сүйлөшүп турушубуз керек. Алар 10-12 күндөн кийин ДНКнын жыйынтыктарын электрондук почта аркылуу бизге жөнөтө баштайт. Күнүнө бир маал мында келип соңку кабарларды билип турсаңыздар да болот же болбосо телефонуңуздарды калтырсаңыздар, сиздерге тиешелүү маалымат келип калса, сиздер менен байланышабыз. Ирандыктар менен кошо кетип жаткан биздин адисибиз алар менен бирге экспертиза жүргүзүүгө толук катышат. Өзүңүздөр билесиздер, штаб күнү-түнү иштейт, жабылбайт. Кандай маселеңиздер болсо дагы кайрылып туруңуздар.

Бул жерде тургандар Транспорт жана коммуникация министрлигинин жана “Итек Эйр” авиакомпаниясынын өкүлдөрүнө карата нааразылыктарын айтып атышты:

Кыргызстандын самолетун эчак эле учуудан алыш керек эле...

Мен Макарчук Александр, каза болгон Иван Макарчуктун атасымын. Силер биздин балдардан акча жасадыңар. Менин ордума турчу... Мен сенден 80 миң доллар төлөтүп алам... Компенсация үчүн...

Акча адамдан кымбатпы?

Булар ар бир билеттин үстүнө жүз доллардан кошуп сатышкан.

Мисалы, менин жээним Кыргызстанга алтын медаль алып келем деп баратты эле...

Менин Иранга күйөөго тийген кызым бир айлык баласы менен жесир калды. Иранда болсо бир жашар баласы калды. Эми кандай кылабыз?

XS
SM
MD
LG