Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:59

Р.ЖЭЭНБЕКОВ: ЭКИ АТААНДАШТЫН ТЕҢ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮ БИРДЕЙ


Маектешкен Аманбек Жапаров, Бишкек АКШнын Демократтык партиясынын улуттук курултайы 28-августа (бейшемби) Барак Обаманы расмий түрдө партиянын атынан президенттике талапкер деп атады. Демпартиянын атынан талапкер болуп, бирок Барак Обамага жеңилип калган Хиллари Клинтон курултайда өз жактоочуларын шайлоодо Обама үчүн добуш берүүгө чакырды. Массачусетс технологиялык институтунун бүтүрүүчүсү Равшан Жээнбеков “Азаттыктын” таңкы түз маегинде телефон аркылуу америкалык демократтардын тандоосу тууралуу кеп куруп берди.

- Төрт күнгө созулган америкалык демократтардын курултайы кандай өтүп жатат?

Демократиялык партиялардын ичиндеги кандидаттар ушул убака чейин өз ара ат салышып келип, ичинен Барак Обама биринчи орунду алып, шайлоочулардын добушун алган. Партиянын ички процедурасы боюнча төрт күндөн бери болуп аткан демократиялык партиялардын улуттук съезди бул биринчи орунду алган талапкерди бекитип жана коомчулукка расмий жарыялашы керек. Ушул төрт күндүн ичинде демократтар өздөрүнүн талапкерлерин бекитип, мына азыр Барак Обама алардын жасаган сунушун кабыл алып, өз макулдугун берди.

- Демократиялык партиянын талапкери Барак Обаманы америкалык шайлоочулар анын афро-америкалык тегине карап колдобой коюу коркунучу жокпу?

Андай болот деп айта албайм. Себеби азыркы күндө Барак Обаманы колдогон элдер өтө көп. Ошол эле афро-америкалыктар азыркы күндө Америкада добуш берүүчүлөрдүн 30-40 пайызын түзөт. Андан башка дагы демократтардын өздөрүнүн туруктуу шайлоочулары бар. Алар сөзсүз түрдө Барак Обаманы колдойт. Экинчи дагы айта кете турган нерсе, Барак Обама дүйнөдөгү атактуу эң мыкты эки окуу жайды бүткөн. Алгач Колумбия университетин, кийин Гарвард университетин. Бул окуу жайларды бүткөн адамдар жана күчтүү, билимдүү адистердин бардыгы аны ушул эки университеттин мурдагы студенти катары колдойт деген менин көз карашым бар.

- Равшан мырза, ал эми Республикалык партиянын талапкери, сенатор Жон Маккейн АКШлык шайлоочулардын канчалык колдоосуна ээ болот деп ойлойсуз?

Жакындагы сурамжылоо - Грузиядагы орустар менен болгон согуштан кийин Маккейн азыр бир аз пайыз менен алдыда келе жаткандыгын көрсөттү. Бирок бир топ аналитиктер бул убактылуу көрүнүш, себеби, Маккейн согуш ишин жакшы билген аскер адамы болгондон кийин учурдан пайдаланып алдыга озуп чыкты дешүүдө. Келечек көргөзөт, убакыт али алдыда. Эки атаандаштын тең жалпысынан мүмкүнчүлүктөрү бирдей эле.

- Равшан мырза, сиз АКШда бир жылдан ашуун жашап, шайлоо жараянынын чордонунда жүрөсүз. Деги америкалык саясий турмуштан, шайлоодон кыргызстандыктар кандай таасир ала алат?

Мен айтайын дегеним, чоң өзгөрүү пайда болуп атат. Афро-америкалык адамдын - Барак Обаманын президенттикке талапкерлигин коюшу бул дүйнөлүк саясатка, турмушка бир топ өзгөрүүлөрдү алып келди. Атасы экинчи муунда Кениядан көчүп келген адам өлкө президенттигине аттанууга мүмкүнчүлүк алып атат. Бул биздин жаштар үчүн өтө чоң сабак болушу керек. Экинчиси, Барак Обама жогоруда айтып кеткендей эки мыкты университетти бүткөн. Эгерде биздин жаштар күчтүү, туруктуу, мыкты позициясын кармап, билимге кызыга турган болсок, азыркы күндө бизге кайсы жерде болсо дагы көп-көп мүмкүнчүлүктөр бар. Азыр Барак Обамадан көп нерсени үйрөнсөк болот жана көп өзгөрүүлөрдү күтөбүз деп айта алат элем.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG