Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:44

АЙТЫШ-2008: КЫРГЫЗ-КАЗАК АК ТАҢДАЙЛАР ТАЙМАШЫ


Баяндаган Жазгүл Жамангулова, Бишкек 29-августта Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Эгемендүүлүк күнүнө карата Кыргызстандын президентинин байгеси үчүн уюштурулган кыргыз-казак акындардын айтышы башталды. Ал эми 28-август күнү кыргыздын отуз акынын ичинен тогузу кызыл тилдин күлүктөрүнүн таймашына тандалган. Алгач эки тараптан сегизден акын катышаары маалымдалган, бирок казактардан беш эле төкмө келгендиктен кыргыздын төрт акыны эки жуп болуп айтышты. Бүгүнкү финалдык айтышууга төрт кыргыз, төрт казак акыны чыгат. Алар кимдер экенин азырынча калыстар тобу сыр сакташууда. Айтыш-2008деги жалпы байге куржуну - 500 миң сом. Баш байгеге ээ болгон кыргыз-казактын мыкты төкмөлөрүнүн ар бири 100 миң сомдон сыйлык алат. Быйылкы айтыштын башкы өзгөчөлүгү кыргыз-казакка бирдей кош байге коюлган. Акындардын эл аралык айтышы мындан ары жыл сайын өткөрүлөт. Ак таңдайлардын таймашын Кыргызстандын Маданият министрлиги жана «Айтыш» коомдук фонду уюштурган.


Айтыштын мында балдары,
Айтыштын кунан тайлары.
Ар дайым коргоп жүрсө экен,
Айкөл Манастын арбагы.



Жаш төкмө акын Максат Кулуев (Кыргызстан)


“Биссмилла” сөздү баштадым,
Жардам сурап Алладан.
Тектүү элдин бири сиздерсиз,
Башынан багы тайбаган.
Кыдырып келген казакка,
Төөдөн башка сойбогон.
Кыргыз туугандар барсызбы,
Эркиндик тоюн тойлонгон.



Асылан Гафуров (Казакстан):
Сен кыргызсың, мен казак,
Коштоорсун тууган, тең жазап.
Бактылуу урпак экенбиз,
Эгемендүү эл казак.


Жеңишбек Токтобеков (Кыргызстан):
Кыялга бүгүн батасың,
Ырдадың ырдын тазасын.
Кыргызча ырдап,
Карачы,
Түбүң кыргыз экендигин,
Моюнга алып жатасың.



Калың эл журт батаңды,
Аябастан бизге бер.
Ботодой болгон Аалы иним,
Менин агам шекилдүү,
Айланайын жүзгө кел!




Кара кылды как жарган калыстар тобу
XS
SM
MD
LG