Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:36

ЖАЛАЛ-АБАД: ОКУРМАНДАР ТЫНЧСЫЗДАНУУДА


Ырысбай Абдыраимов, Жалал-Абад Ушул аптада “Де-факто” гезитинин баш редакторуна каршы козголгон кылмыш ишин кароого сот киришери күтүлүп жатат. Өткөн аптада сот чечимин аткарган жок деген негиз менен “Алиби” гезитине каршы кылмыш иши козголгондугу маалымдалган болчу. Ушундай эле негиз менен “Де-фактого” да кылмыш козголушу мүмкүн деген божомолдор айтылууда. Ушундай жагдайга кирептер болуп, жарык көрбөй калган бул эки гезиттин тагдырына жалалабаддык журналисттер жана карапайым адамдар тынчсыздануусун билдирип жатышат. "Азаттыктын" кабарчысынын иликтөөсүнө караганда, "Де-фактонун" тагдырына тынчсыздангандар бул эки гезитке карата соттун мамилеси мыйзамды ыңгайга жараша чечмелөө өкүм сүрүп жатканынан кабар берүүдө деп жатышат.

Соңку айларда оппозициялык маанайдагы эркин гезиттерге жасалган кысым күчөдү. Облустагы калемгер Анархан Жаңыбаеванын айтымында, мындай окуяларга коомчулук нааразы болууда. «Де-факто» жана «Алиби» гезиттери бийликтин кемчилигин такай сындап, өлкөдөгү мыйзамсыз көрүнүштөрдү таасын жазганы үчүн миллиондогон сом айып пулга жыгылып, редакциянын мүлкү камакка алынып, гезит ээлерине кылмыш иши козголду. Мындай окуялар ал басылмаларды президенттин тууганы менен бийлик ээлери сотко бергени үчүн сот чечими тез аткарылды. Жөнөкөй жарандардын пайдасы үчүн чыгарылган чечим мынчалык бат орундалбайт. Маселен, сот аткаруучулар чыпалагымды сындырган адамдан эмдигиче материалдык зыянды өндүрүшө элек деди Анархан Жаңыбаева:

- “Президенттин жакындарына келгенде мыйзам иштеп кеткени мени таңгалдырат. Менин өзүмдүн практикамдан көрүп отурам, бир жылдан бери сот аткаруучулар алты миң сомду өндүрө албай эле, жүргөн адамды, жок экен таппай атабыз дешет. Бир миллион акчаны редакция болуптур төлөп берем дегенине карабай, бир айдын ичинде төлөбөдүңөр деп камакка алып койгону бул туура эмес. Акыркы убактарда болуп аткан нерселер президенттин кадыр-баркын түшүргөн фактылардын бири деп эсептейм”, - деген Анархан Жаңыбаеванын болжоосунда сынга чычалаган бийлик соттордун колу менен гезиттерди ооздуктап, демократиядан тайып баратат.

Облустагы журналисттер ассоциациясынын төрагасы Жалил Сапаров калемдештерин сөз эркиндигине этият мамиле жасоого чакырып, аныкталбаган фактыларга таянып макала жазылса, жарандык тартипте жооп берүү жагы каралганын, мыйзамды сыйлоо керектигин эскертти:

-Эң кыйын журналисттерибиз ушундай күнгө түшпөй жүрсө жакшы болот эле. Президенттин туугандарынын аралашкандыгы үчүн эле ушундай болуп аткандыр деген пикирди айтып аткандардын өздөрүнүн абийрине. Бирок мен бир нерсени билем, мен президенттин тууганы эмесмин, жалал-абаддык журналисттер дагы президенттин тууганы эмес, көз карашы да, уруусу да башка. Бирок алар жакында бир мамлекеттик органдын жетекчисин административдик негизде жазалатышты. Эч кандай тоскоолдук болгон жок. Законду тууганчылык кылбай эле, жакшы билип туруп пайдаланса болот экен.

«Сентябрь» телеканалынын түштүк аймагындагы деректири Асылбек Текебаевдин көз карашында көз каранды эмес сыналгылар менен басылмаларга карата чыгарылган сот чечимдери - бул атайын жасалган иш-аракеттер. “Де-факто” жана «Алиби» гезиттерине салынган айып пулдарды дароо эмес, бөлүп-бөлүп төлөөгө мүмкүндүк берүү керек болчу. Маалымат каражаттарын куугунтуктоо өлкөнүн эл аралык аброюна доо кетиргенден башка зыян алып келбейт деп айтты Асылбек Текебаев:

-Президенттин бир тууган инисинин арызы боюнча тездеттирип атат. Ал эми буга окшогон иштер жылдап, айлап созулуп келе жатат. “Де-факто” жана “Алиби” гезиттеринин редакторлорунун үстүнөн болгон кылмыш иши туура эмес. Анткени мыйзам боюнча баардык төлөмдү дароо төлөп бериш бул милдеттүү түрдө эмес. Бул эркин гезиттердин үнүн басуу максатында жүргүзүлгөн аракет. Бул аракеттердин баардыгы азыркы бийликтин тоталитардык режимге кетип жаткандыгынан ачык кабар берет.

Жалал-Абад шаарынын тургуну Кадырбек Жакыпов «аталган эки гезиттин нускалары улам ашып, эл арасына бат тараганынан бийлик чочулады окшойт», деп эсептейт:

-Мындан акыркы чекитти Жогорку сот берет. Жогорку соттун чечими чыга электе эле, гезиттерди мынчалык кыйнап жапканы, менимче басма сөздү ооздуктап, элдин туура маалымат алуусуна чек коюу болуп эсептелет.
XS
SM
MD
LG