Кыргызстанда жаңы окуу жылы башталып, бардык мектептерде биринчи коңгуроо кагылды. Бир топ башталгыч класстын окуучулары мектепке бирдей окуучулук форма менен барууга үлгүрүштү. Балдарына форма алып бере элек ата-энелер болсо баасы 800 сомдон 1200 сомго чейин турган окуучулук форманы сатып алуу же албоо тууралуу дале ойлонуп турушкан мезгил.
Билим берүү министрлигинин статс-катчысы Акунжан Абдрашев бүгүнкү күн агартуучулар үчүн иш күнү экенин айтат:
- Бүгүнкү күн өкмөттүн токтому менен билим системасы үчүн жумуш күнү болуп эсептелинди. Дем алуу күнү ишембиде.
Ошондой эле статс-катчынын айтымында, азыркы тапта жаңы окуу жылына даярдыктар соңуна чыгып, бардык мектептер толук кандуу иштөөгө даяр. Окуу куралдары менен мектептерди камсыздоо тууралуу А.Абдрашев мындай дейт:
- Эгерде мурдагы окуу китептерди кошуп ала турган болсок китептер 72 пайызга камсыз болгон. Быйылкы окуу жылына 810 миң даана жөнөтүлдү. Президент китептер менен камсыз кылууга 100 миллион сом бөлүп берди. Буга дагы 1 миллион 300 миң даана китеп чыгарабыз.
Ошентсе да мектептерде окутуунун сапаты начар болуп жатканын, эскиче окутууну өзгөртүүгө эбак мезгил келип жеткенин айткандар көп.
Жаңы окуу жылынын башталышы быйылкы абитуриенттерди да жогорку билимге болгон баанын кымбатташы менен тосуп алды. Профессионалдык билим берүү борборунун директору Кыргызбай Дабаевдин пикиринде, билим берүү тармагын түп тамырынан реформалабай туруп, жогорку билимдин баасын көтөрүүнүн жыйынтыгы аз болот:
- Бардыгы эле илгеркидей келип атпайбы. Окуу системасы, программалары ж.б. Анан баягы эле мугалимдер окутуп атат да, ошол эле эски программалар менен. Андыктан мунун маңызын өзгөртпөй туруп билимдин баасын көтөрсө сапат оңолмок беле. Оңолбойт. Билим тармагын түп тамырынан реформалоо керек. Антпесек ушинтип эле жүрө беребиз. Бизде билим тармагында өзгөрүштөр абдан жай болуп атат да. Ал эми өзгөрүүлөр тим эле укмуштай тез жүрүп жатат.
Мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу институтунун Инновациялык билим берүү технологиялары лабороториясынын башчысы Асылбек Жоодонбеков, 17 жылдан бери эми гана элдин билим берүүгө карата ой-пикири өзгөрүп, муз ордунан жылгансый баштады:
- Эгемендик келгенден бери 17 жыл ичинде гана билим берүүнү өнүктүрүү үчүн коомчулукту, ата-энени, жарандык коомчулукту катыштыруу керектигин түшүнүп баштадык. 17 жылдан бери негизги алган сабагыбыз ушул болду, мамлекет канчалык көңүл бөлбөсүн коомчулук муну өзү түшүнбөйүн, киришмейин билим берүү тармагы өнүкпөйт.
Бүгүн башкалар менен катар Төрөкан Алимов аттуу жарандын да уул-кыздары мектепке барды. Жаңы окуу жылы баасы кымбатка турган окуучулук форма менен башталганын айткан Т.Алимов, азыркы билим берүү тууралуу оюн ортого салды:
- Биз эгерде чыныгы келечек мууну, Кыргызстандын жаркын келечегин даярдайбыз, тарбиялайбыз десек, анда окутуунун жана тарбия берүүнүн ыкмаларын түп тамырынан өзгөртүп, Европалык жана башка дүйнөлүк өнүккөн окутуу системаларына багыт алуубуз керек деген ойдомун.
Ошондой эле президент Курманбек Бакиев бул күнү Бишкек шаарынын Учкун жаңы конушундагы орто мектептин ачылыш аземинде болсо, премьер-министр Игорь Чудинов Аламүдүн районундагы Ленин айылдык мектебинде болуп, окуучуларды жаңы окуу жылы менен куттукташты.