Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:45

И.ӨМҮРКУЛОВ: ЖКда “АК ЖОЛ” ПАРТИЯСЫНЫН КӨПТҮГҮНӨН КӨП МЕСЕЛЕЛЕР ӨТПӨЙ КАЛЫП ЖАТАТ


Маектешкен Замира Кожобаева, Бишкек Эртең (2-сентябрда) Кыргызстандын төртүнчү чакырылышындагы парламенти – Жогорку Кеңеш жайкы тыныгуудан кийин өз ишин баштайт. “Азаттыктын” таңкы маегинин мейманы Жогорку Кеңештин илим, билим жана маалыматтык саясат комитетинин төрагасы, СДП фракциясынын мүчөсү Иса Өмүркулов.

-Белгилүү болгондой, парламент эртең ишин баштайт. Жогорку Кеңеш чукул карай турган маселелер кайсылар болушу мүмкүн? Мисалы учак кырсыгы, сөз эркиндиги, азык-түлүк коопсуздугу..?

- Албетте, биринчиден бул жакында болуп өткөн авиакырсыктын болушун ачык изилдөө, жабыркагандардын жакын туугандарына, парламентке кыргыз элине чындыкты айтуу боюнча маселе көтөрүлөт. Бүгүнкү күндө өкмөттө кышка даярдык кандай абалда болуп жатат муну сураш керек. Электр жарыгынын өчүшү. Эмне себептен Кыргызстан боюнча үч фазалуу электр кубатынын өчүрүлүп жатышы, көмүр меселеси. Эмне үчүн жайы менен өкмөт кышка даярдык деп коюп Кара-Кечени казган жок. Бүгүнкү күндө көмүрдүн баасы 4500-5000 сомго чыгып кетти. Муну сураш керек. Андан тышкары жалпы экономикалык абалдын начарлап кетиши. Ушул маселелерди биринчи ирээт кароону биздин фракция жана комитет башчысы катары көтөрүүгө даярданып жатабыз.

-Парламент тарабынан тез арада каралып, депутаттардын кийлигишүүсүн талап кылып жаткан дагы бир маселе - бул сөз эркиндиги болуп жатат. Парламенттин жайкы тыныгуу учурунда эки эркин гезит “Де-факто” жана “Алиби” басылмалары жабылды. Ушул тапта “Де-факто” гезитине жалпысы болуп 4 млн. сомдук айып пул салынган, анын башкы редакторуна кылмыш иши козголгон, дагы бир кылмыш иши козголушу ыктымалдыгы айтылууда. Парламенттин маалыматтык саясат комитети кандай иш-чараларды көрө алат буга байланыштуу?

- Албетте, бул жерде ачыктан ачык эле көрүнүп турат. Сөз эркиндигин басмырлоо, чындыкты айткан басма сөздүн өкүлдөрүнө кысым көрсөтүү. Кечээ жакында эле ушул тапты өттүк эле. Мисалы “Республика” гезитин ушундай ыкма менен жабуу аракетин. Ушундай аракеттер менен көп суммадагы каражатты моюндарына жүктөп, күч менен төлөтүүгө аракет кылып, аягы эмне болгонун кыргыз элине маалым. Андыктан ушундай көрүнүштөрдү кайталап жатабыз. Бул жерде ачык эле айтыш керек, бул бүгүнкү күндө басма сөз эркиндигин басмырлоо. Ал эми анын ыкмалары ар кандай болуп жатат. Албетте, ар кандай себептерди издеп жатышат. Чоң көлөмдөгү акча каражатын бул редакцияларга илүү ал редакциялардын жалпы наркы же болбосо иштеп жаткан, алып жаткан киреше айтылган сумманын эч бир бөлүгүнө төрттөн бирине да туура келбейт. Андыктан мунун баары бийлик тараптан атайын жасалган иш аракеттер болуп саналат.


-Азыркы парламентте бийликтин партиясы көпчүлүктү түзөт. Социал-демократтар фракциясы бир маселени көтөргөн учурда парлсментте ал маселени натыйжалуу чечүү мүмкүнбү?

- Негизинен ал орчундуу маселелер. Электр тармагын менчиктештирүү же болбосо бөлөк маселелер боюнча билгиздик. Бирок тилекке каршы “Ак Жол” партиясынын көптүгүнөн ал меселелер өтпөй калып жатат. Бирок бул маселени жалпы эл-журт билиш керек. Эмне үчүн, эмне себептен өкмөт бүгүн жасаган иштин баары тең социалдык абалыбызды төмөндөткөндөн төмөндөп бара жатканын билиш керек. Сын-пикирди айтуу менен бирге биз сунуштарды берип жатабыз. Эгерде ал сунуштарды эске ала турган болсо, бүгүнкү абалга келбейт эле деп ойлойм.

- Иса мырза, сизге чоң рахмат!

XS
SM
MD
LG