Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:51

Евробиримдик Орусияга каршы бириге алды


Грузиядагы жаңжал аймагынын картасы
Грузиядагы жаңжал аймагынын картасы

Евробиримдик Орусия өз аскерлерин 7-августта Грузияга басып киргенге чейинки өңүттөрүнө чыгарып кеткенче, Москва менен кызматташуу жөнүндөгү жаңы келишим боюнча сүйлөшүүнү токтотту. Бул чечим Биримдикке мүчө 27 өлкөнүн 1-сентябрдагы кезексиз жыйынында кабыл алынды. Франциянын президенти Никалос Саркози Евробиримдиктин атынан сүйлөп, 8-сентябрда Москвада болчу сүйлөшүү Евробиримдик-Орусия кызматташуусунун болочогу үчүн «өтө маанилүү» экенин белгиледи.

Евробиримдик катаал чечим кабыл ала албайт деген божомолдор оң чыкпады. 1-сентябрдагы жыйында Биримдиктин мүчөлөрү Орусиянын Грузиядагы ашыкча күч колдоонусун, ок атууларды токтотуу жөнүндөгү макулдашууну бузуп жатканын, ошондой эле Түштүк Осетия жана Абхазияны тааныганын сындады. Ошол эле учурда, орусиялык аскерлер 7-августка чейинки өңүттөрүнө чыгып кетмейинче, өз ара кызматташуу тууралуу жаңы келишим боюнча сүйлөшүүлөрдү токтотту.

Биримдиктин учурдагы төрагасы Франциянын президенти Никола Саркози Брюсселдеги жыйындын соңунда Биримдикте Орусиянын алдында тизе бүгүү нийети жок экенин билдирди:

- Грузиядагы кырдаалды узак мөөнөткө жана тынчтык жолу менен жөндөөдө эл аралык укуктук нормаларга коошпогон, бизге окуяны таңуулоону көздөгөн бир жактуу чараларга эмес, Грузиянын күнкорсуздугуна жана аймактык бүтүндүгүнө таяныш керек.

Евробиримдик катаал чечимге катуу талаштан кийин барды. Болбосо, Франция сунуш кылган алгачкы долбоордо кызматташтык сүйлөшүүсүн токтотуу жөнүндө айтылган эмес. Расмий өкүлдөрдүн сөзүнө караганда, бул сүйлөм Британия, Швеция, Польша дагы башка Чыгыш Европа өлкөлөрүнүн кысымы астында киргизилген. Ушул чарадан улам Евробримдик-Орусия ортосундагы 15-16-сентябрга мерчемделген сүйлөшүү болбойт.

Брюссель саммитинде президент Саркози 8-сентябрда Еврокомиссиянын төрагасы Хосе Мануэл Барросонун жана Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башчысы Хавьер Соланын коштоосунда Москвага жана Тбилисиге барары жарыяланды. Москвадагы сүйлөшүү Евробиримдик-Орусия байланышы үчүн «абдан маанилүү» деди Саркози:

- Европа Биримдиги кризистин биздин Орусия менен болгон мамилебизге кандай залака тийгизгенин иликтөөнү токтотпош керек. 8-сентябрдагы кездешүү Орусия менен Евробиримдиктин болочокку мамилеси үчүн абдан маанилүү. (Кайсы бир өлкөнүн) ыкыбалы астындагы аймак деген жарабайт. Ялта артыбызда калды.

Ялтанын аталышы бекер эмес. Экинчи Дүйнөлүк согушта жеңген союздаштар Ялтада Чыгыш Европаны Советтер Союзунун жана Батыштын ыкывалындагы өлкөлөргө бөлүп алышкан.

Евробиримдик жыйында Грузияга экономикасын калыбына келтирүүгө жардамдашуу, өлкөгө жүздөгөн байкоочуларды жөнөтүү, виза режимин жеңилдетүү жана эркин соода аймагын түүзүү жөнүндө убада берди.

XS
SM
MD
LG