Оппозициялык маанайдагы Ungushetiya.ru сайтынын кожоюну Могамед Евлоев 31-августта чет өлкөдөн Москвага,андан соң Назранга учуп келет. Милиция аны түз эле аэропортто кармап, прокуратуранын кеңсесине алып жөнөйт. Бирок жарым сааттан соң ал тергөөчүлөргө эмес,ооруканага жеткирилет. Жолдо келатканда чыкыйына ок тийип, операция үстөлүндө каза болот.
Республиканын башкы прокурору Юрий Турыгин машинада келатканда Евлоев милиционерлер менен кежеңдеше кетип,бирөөнүн автоматын жулуп алганга аракет кылган жана ошо маалда капыстан атылган октон жарадар болгонун билдирди. Буга кошумчалап, окуя териштирилип жатканын, милиция кызматкерлерине абайсыздан адам өлүмүнө себепкер болгону үчүн кылмыш иши козголгонун ырастады.
Бирок адвокат Калой Ахилговдун айтымында, Евлоевдин туугандары милициянын бир машинасын кууп жетишип, аны таппай калышкан. Он мүнөттөн соң аларга Евлоев ооруканада операция үстөлүндө жатканын кабарлашкан. ”Магомед милициянын автоматын жулуп алганга аракет кылган дегенге эч ким ишенбейт,анткени ал миң жолу тергөөдө болгон, түрмөдөн да корккон эмес”,- деп айтты адвокат.
Жергиликтүү оппозиция, аны менен бирге эл аралык Human Rights Watch, “Мемориал” коому, Москвадагы Хельсинки тобу жана башка укук коргоочу уюмдар, ”Оңчул күчтөр союзу” Ингушетиянын өкмөтүнөн жана федералдык бийликтерден Евлоевдин өлүмүн тез арада калыс териштирип чыгууну,анын жыйынтыктары менен коомчулукту кеңири маалымдар кылууну, күнөөкөрлөрдү ээлеген кызматына карабастан жазага тартууну талап кылышты. “Эгер бул кылмыш жабылып калчу болсо,анда жаштардын жаалы кайнап, кырдаал өтө кыйындап кетиши мүмкүн”, - деп эскертти укук коргоочу “Машр” уюмунун жетекчиси Магомед Муцулгов.
Республиканын ырасмий бийликтери Евлоевдин таажиясы күнү өткөрүлгөн нааразылык митингинде, укук коргоочулардын билдирүүлөрүндө айтылган талаптарга таңазар беришкен жок. “Оппозиция деген бизде бар экенине ишене албайм”, - деп айтты ингуш парламентинин депутаты Мухтар Бузуртанов. Ungushetiya.ru сайтын ал тек гана бийликти каралаганга адистешкен портал катары баалады. Москва шаардык сотунун чечими менен быйыл августта сайт “экстремисттик ой-санааны жайылтканы үчүн” жабылган эле.
Магомед Евлоев быйыл апрелде Прагада болгон кезде ингуш өкмөтү, жергиликтүү бийликтер республиканын башкы прокуратурасы менен бирге Ungushetiya.ru сайты аймактагы кырдаалды туура баяндап көрсөткөн жападан-жалгыз маалымат ресурсу болгондуктан ага кастарын тигип калганын айткан эле.
“Мемориал” уюмунун төрагасы Олег Орлов Евлоевдин киши колдуу болгонун атайылап жасалган саясий иш, атүгүл мамлекет түндүк Кавказда, анын ичинде Ингушетияда эле эмес, Чеченстанда, Дагестанда жүргүзүп жаткан террордун тутуму катары баалады. “Оппозиция – террорчулар эмес, анын колунда курал жок, тек гана мыйзамдын чегинде кандайдыр бир нааразылык билдирген адамдар. Ушунусу үчүн эле аларды союл менен токмоктоп, асманга ок атып коркутуп, а кээде минтип тындым кылып жатышат. Мындай абал кырдаалды курчутпай койбойт, мунун өзү дегеле акылга сыя турган нерсе эмес”, -деп айтты Орлов.