Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:56

“ГУСТАВ” УРАГАНЫ РЕСПУБЛИКАЛЫК ПАРТИЯНЫН КУРУЛТАЙЫНА ӨЗГӨРТҮҮЛӨРДҮ КИРГИЗДИРДИ


АКШнын түштүк-чыгыш жээгине жакындаган катуу шамал республикалык партиянын курултайына бир топ өзгөртүүлөрдү киргизүүгө мажбур кылды. Буга чейин “Густав” деп аталган ураган Доминикан жумурияты менен Кубада 80дей кишинин өмүрүн алып кетти.

Республикачылдар күзгү президенттик жарышка партиянын атынан талапкер кылып Жон Маккейнди көргөзүшөт деп күтүлүүдө. Сенатор кечээ билдиргендей, курултайдын күн тартибине негизги маселелер гана киргизилмекчи.

Бул – океандан келаткан катуу шамалга байланыштуу жасалып жатат. Ыкчамдыгы 80 километрге жеткен “Густав” ураганы Кошмо Штаттардын жээгин дүйшөмбүдө түш чакта каптайт деп күтүлүүдө. Буга чейин шамал Куба жана Доминикан жумуриятында 80ге жакын кишинин өмүрүн кыйп, эбегейсиз зыян алып келди.

"Саясатты мындай коюп, 300 миллион америкалык жаранга кошулуп, аракет көрүүгө убакыт келди. Андыктан эртең эң керектүү иштерибизди гана калтырып, калгандарын токтотуп турабыз", - деп жар салды жекшембиде Маккейн.

Ошол эле күнү сенатор Мексика булуңунун аймагына жол тартты.

Коркунуч туулган чөлкөмдөн 1 миллиондон ашуун киши эвакуацияланды. Луизиана, Миссиссиппи жана Алабама штаттарында чукул чаралар көрүлүп жатат.
Жээкке жакын жайгашкан бир катар мунай жана мунай тазалоочу ишканалары токтоп турат.

Республикачылардын курултайы 1-сентябрда башталып, 3 күнгө созулмакчы. Маккейндин шайлоо кампаниясынын менежери Рик Дэвистин айтымында, делегаттар жана партиянын расмий адамдары дүйшөмбүдө 2 саатка гана жолугушуп, партиянын платформасын иштеп чыгышат жана курултайдын жол-жоболорун кабыл алышат.

Жыйындын мындан аркы күн тартиби ураганга багынкы болмокчу.

Жекшембиде президент Жорж Буш Чукул кырдаалдар агенттигинин жыйынына катышкан соң, 1-сентябрда Техас штатына бараарын билдирди.

Америкалыктар 2005-жылы “Катрина” ургананынан жабыркаган Жаңы Орлеан шаарынын тургундарына жана жалпы жапа чеккендерге жетээрлик жардам берилген жок деп санашат.

Табигый кырсыктын айынан үй-жайсыз калгандардын айрымдары ушул кезге чейин өкмөт бөлүп берген вагондордо жашайт. Чөлкөмдүн экономикасы начар бойдон кала берүүдө.

Президенттин дарегине айтылган сын сөздөрдөн уламбы, бул жолу Буш ураганга өтө көп көңүл буруп келатат. Кечээ ал коркунуч туулган аймактын жашоочуларын өзгөчө чараларга баш ийүүгө үндөдү.

Өз өмүрүңөрдү тобокелге салбай, куткаруучуларды жок жерден коопко кириптер кылбагыла. Америка эли силер менен. Биригип, бул коопко туруштук беребиз.

Маккейн болсо бейшембиде курултайдын жабылышында сөз сүйлөйт деп күтүлүүдө. Бирок ал ураган аймагынан сателлит аркылуу кайрылышы да мүмкүн.

XS
SM
MD
LG