Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:33

ПАРЛАМЕНТ ИШИН БАШТАДЫ


2-сентябрда 4-чакырылыштагы Кыргызстандын Жогорку Кеңеши 2-сессиясын баштады. Жарым жыл ичинде парламент 214 мыйзам кабыл алган. Эки айлык каникулдан келген депутаттар эми экинчи окууда жаңы Салык кодексин, 2009-жылдын бюджети тууралуу мыйзам долбоорун, 2011-жылга белгиленген бюджет сыяктуу бир топ экономикалык мыйзамдарды кабыл алышмакчы.

Кыргызстандын өкмөт башчысы Игорь Чудинов эмдиги жыл бюджетин түзүүдө жаңы Салык кодекси эсепке алынганын, ошондон аны экинчи окууда тезирээк кабыл алуунун зарылдыгына басым жасады. Парламент мүчөлөрүнүн сынынан сентябрь ичи эгиндерди камсыз кылуунун өзгөчөлүктөрү, табигый кырсыктан сактаныш үчүн турак-жайларды камсыздоо, жер байлыктары, ошондой эле унаа ээлеринин жоопкерчилиги жөнүндөгү мыйзам долбоорлору өтмөкчү.

-“ Мен сиздерге, фракция жетекчилерине, жакынкы күндөрдө премьер-министрдин фракция мүчөлөрү менен жолугушуусун, сиздердин шайлоочулар тарабынан айтылган маселелерди, азыркы учурда түзүлгөн жагдайды талкуулоону сунуш кылар элем”,- деп айтты Игорь Чудинов.

Учурдагы экономикалык жагдайдын талкуyлай турган маселелери толтура экендигин парламенттеги коммунисттер фракциясынын жетекчиси Исхак Масалиев да белгиледи. Анын пикиринде, Жогорку Кеңеш эки айлык тыныгуудан соң ишин баштап жаткан чакта экономикалык орчундуу проблемалар биринчи жыйында айтылбайт.

- “Мен ойлойм, күздө бир аз башталгандан кийин, жанагы Салык кодексинин талкуусу болгондо, чоң-чоң мыйзамдар талкуусу башталганда, балким айтылат”, - деген И. Масалиев электр жарыгын өчүрүүлөр быйылкы экономикалык абалга терс таасирин тийгизерин белгиледи.

Өкмөттүн “Кумтөр” алтын кени боюнча позициясына түшүнбөстүгүн парламенттин вице-спикери Кубанычбек Исабеков да билдирди:

- Эптеп атып киргизген текшерүүнү, үч жылдан бери “Кумтөр” текшертпей жаткан, азыр токтотуп коюшту. Бир эле 2005-жылдын текшерүүсүндө салыктан жашырылган 277 миллион сом чыккан. А 2006 – 2007-жылдарды эмне үчүн азыр текшертпей жатышат? Текшерүү кирип жаткан, текшерүүчүлөрдү токтотуп коюшту. Бул дагы мага түшүнүксүз.

Өкмөттүн экономикалык кысталыш кырдаалдан кантип чыгуу жөнүндө айкын-ачык программасы жок экендигине парламент депутаты, социал-демократиялык фракциянын өкүлү Иса Өмүркулов да токтолду.

- Жылыш жок. Телекөрсөтүүдөн баары эле жыргап жатабыз дешет. Бирок тилекке каршы, мына бүгүн 1 тонна көмүр 4,5 миң сом болду. Ошол эле мезгилде мына “Каракечени” казган эч ким жок. Мурун казып жаткандардын лицензиясын алып койгон. Тамак-аш кымбаттап жатат. Быйыл канча миң тонна буудай алдык деп жатышат. Мунун баары калп, кошуп жазуулар. Чүй облусунда буудайдын түшүмү гектиринен 10 – 12 центнерден болду. Жер соорусу Чүйдөгү ахывал ушундай. Анан кайдагы 24 – 25 центнер! Мунун баары кошуп жазуу, көз боемочулук. Мына ушунун баарын айтып, ушунун баарын оңомоюнча турмуш оңолбойт.

Мамлекеттик катчы Досбол Нур уулу жалаң партиялык тизме менен шайланган Жогорку Кеңеш мурдагыдай саясий талаш-тартыштардын төөбастысында калбай, өзүнө тийиштүү иштер менен гана алектенип калганына ыраазычылык билдирип, жарым жыл ичинде парламентчилер 49 пленардык жыйын өткөрүп, сунуш кылынган 247 долбоордун 214 мыйзамын кабыл алышканын маалымдады.

Парламент өкмөт сунуштаган мыйзам долбоорлорун токтоосуз кабыл алып турууга милдеткер эместигин айтуудан тажабаган экс-спикер Адахан Мадумаров депутаттык мандатын 2-сессия башталарга чукул тапшырып кетти. Парламенттин эмки жарым жылдыктагы ишмердүүлүгү кандай болорун алдыдагы убакыт көрсөтөт.

XS
SM
MD
LG