Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:14

“ГУСТАВ” УРАГАНЫ СЕНАТОР МАККЕЙНГЕ САЯСИЙ УПАЙ АЛЫП КЕЛДИ


АКШнын жээгине кечээ түш чакта жеткен “Густав” ураганы адистер болжолдогонодой күчтүү болгон жок. Байкоочулардын баамында, республикалык партиянын талапкери сенатор Жон МакКейн өзүн чукул кырдаалдарды жөндөөгө кудуреттүү саясатчы катары көрсөтө алды. Катуу шамалдан улам партиянын курултайына бир катар өзгөртүүлөр киргизилген эле.

Кечээ түштөн кийин “Густав” ураганынын күчү төмөндөп, ага “тропикалык деңиз шамалы” же шторм деген даража ыйгарылды. Бирок анын алдында Жон МаКкейн ураганды саясий жеңишке айландырууга үлгүрдү. Сенатор күзгү президенттик жарышка республикалык партиянын атынан чыгат деп күтүлүүдө.

Шамал дүйшөмбүдө Луизиана штатына жетип, бирок күтүлгөндөй зыян алып келген жок. 3 жыл илгери ушул эле аймак “Катрина” ураганынан жапа чегип, анда 1 жарым миңге жакын адам ажал тапкан. Бул жолу 7 кишинин өмүрү кыйлганы кабарланды.

Республикалык партиянын курултайы дүйшөмбүдө башталды. Бирок анын ачылыш программасын кыйла кыскартууга туура келди. Алгачкы күнү президент Жорж Буш, вице-президент Дик Чейни, Калифорния штатынын губернатору Арнольд Шварцнеггер сөз сүйлөшмөк, бирок Мексика булуңундагы абалдан улам, жыйынга келе алышкан жок.

Сан-Пол шаарына чогулган делегаттарга болсо биринчи айым Лора Буш жана МакКейндин жубайы Синди кайрылып, табигый кырсыктан жабыркагандарга жардам берүүгө үндөштү.

Ар бириңерден кыйынчылыкка туш болгон элге мүмкүн болушунча тезирээк жардам көрсөтүүнү суранам, - деди Синди МакКейн.

Ал аралыкта сенатор өзү Огайо штатындагы гуманитардык борбордо үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур болгон адамдарга жибериле турган эң керектүү буюмдарды ороп-таңууга жардам берип жүрдү.

Эн-Би-Си каналына берген интервьюда МакКейн “бул - Американын кызыкчылыгын барынан жогору коюуунун мезгили” - деп белгиледи.

Бир нече күн мурун Денверде демократтардын курултайы өтүп, сенатор Барак Обама 40 миллиондой телекөрүүчүнүн алдына чыгып, президенттикке талапкер болууга макулдугун билдирген. Анда көпчүлүк демократтардын ийгилигин эч ким кайтала албайт деп ойлогон эле.

Бирок Обаманын атаандашы МакКейн өзүн башкы командачы катары көргөзүүгө аракеттенди. Ал конгресстин күн тартибин өзгөртүп, бардык аракетин кризисти жөндөөгө жумшоону чечти. Натыйжада, байкоочулардын айтуус боюнча МакКейн бир топ саясий упай топтооого жетишти. Ким билет, курултайда ал мындай ийгиликке ээ болоор беле?

Обама болсо чукул чараларга жолтоо болбош үчүн шторм аймагына баруудан баш тартты. Бирок ал Мексика булуңундагы окуяларга жакындан байкоо салып турду. Сенатордун шайлоо штабы миллиондогон коолдоочуларына кайрылып, АКШнын Кызыл Чырым уюмуна каражат жиберүүгө чакырды.

Республикалык партиядагы булактар кечээ билдиргендей, Буш курултайдын делегаттарына бүгүн кечинде кайрылуу жасамакчы.

Ал эми МакКейндин жардамчылары сенатор талапкер болууга макулдугун билдирип, мурда пландалгандай эле, бейшембиде сөз сүйлөйт деп ырасташты.

XS
SM
MD
LG