Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Сентябрь, 2023-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:48

3-СЕНТЯБРЬ: “ТАРЫХ БАРАКТАРЫ”


Кыргыз ССР Илимдер Академиясына караштуу Тарых институту уюштурган экспедиция 1959-жылдын бул күндөрү Ысык-Көлдүн түбүнөн уникалдуу тарыхый табылгаларды жарыкка чыгара баштады. Жапония өлкөсүнүн Экинчи дүйнөлүк согушта жеңилишине байланыштуу 1945-жылдын 3-сентябры Кыргызстанда майрам күн деп жарыяланды.

Кыргыздардын 1916-жылкы көтөрүлүшү жергиликтүү калкка мүшкүл кайгыларды жаратканы маалым. Адегенде жеринен, анан мал-мүлкүнөн ажырап, акыры элин сактоого далалат жасаган калк империялык бийликке каршы теңдешкиз күрөшкө чыккан. Уюшкандык жана жөнөкөй тартиптин жоктугунан кыргыздардын көтөрүлүшү жеңилүүгө учурап, эми алардын мал-мүлкүн орус чиновниктери менен казак орустар талап-тоноого киришкен. Колониялдык бийлик баш-аламандыкты чектеш максатында 1916-жылдын 3-сентябрында кыргыздардын мүлкүн талоого, адамдарга каршы сот ишин баштаган. Пржевальск шаардык соту бул күнү Поцелуев менен Инсарскийдин кылмыш ишин кароого киришкен.

Жаңы ачылган Фрунзе мамлекеттик кыргыз улуттук маданият музейинин директору А. Өмүрзаковдун чакырыгына ылайык, 1944-жылдын бул күндөрү Кыргызстандын аймагында археологиялык жана этнографиялык эстеликтерди чогултуу аракети башталды. Музей директору жаңы ачылган имаратка коёрго экспонат жок экендигин белгилеп, кыргызстандыктардан кокустан табылган археологиялык эстелик же болбосо колдо сакталып турган тарыхый буюмдар туурасында билдирүүсүн өтүнгөн. Ушул маалда жүрүп аткан Улуу Ата Мекендик согушка байланыштуу сүрөттөрдү жана эпистолярдык жанрдагы материалдарды чогултуу, жаштарды патриоттук духта тарбиялоо үчүн мааниси зор экендиги белгиленет.

Кыргыз ССР Илимдер Академиясына караштуу Тарых институту уюштурган экспедиция 1959-жылдын бул күндөрү Ысык-Көлдүн түбүнөн уникалдуу тарыхый табылгаларды жарыкка чыгара баштады. Тарых институту Москвалык адистердин колдоосу менен көл түбүнө биринчи археологиялык иликтөө ишин баштап, жыйынтыгында окумуштуулар Ысык-Көлдүн алдында байыркы шаар орун алгандыгын белгилешти. Экспедиция жетекчиси, тарых илимдеринин кандидаты М. Айтбаевдин билдирүүсүнө Караганда, убагында көл кылаасында өнүккөн шаар маданияты калыптанган. Эбегейсиз кырсыктын айынан жер жарылып, шаар суу алдында калган. Ошондуктан шаар калкы буюм-тайымдарын эле эмес, жанын сактап калууга чамасы жеткен эмес деп жыйынтык чыгарган экспедиция жетекчиси.

Жапония өлкөсүнүн Экинчи дүйнөлүк согушта жеңилишине байланыштуу 1945-жылдын 3-сентябры Кыргызстанда майрам күн деп жарыяланды. Фрунзе шаарынын эски аянтында эмгекчилердин митинги өткөрүлүп, ага миңдеген жумушчулар жана шаар тургундары катышты. Өкмөт үйүнүн балконуна партиялык жана өкмөт жетекчилери шаардыктарды жеңиш майрамы менен куттуктап, «Улуу жеңиш жемиши теңдешсиз жолбашчы И. В. Сталиндин көсөм саясатынын үзүрү» экендигин белгилешти.
XS
SM
MD
LG