Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:37

ПАКИСТАН: ЭЛ АРАЛЫК КҮЧТӨР ТҮШТҮК ВАЗИРИСТАНГА ЧАБУУЛ ЖАСАДЫБЫ?


Пакистан өкмөтү Рамазан айында салгылашууларды токтото туруу тууралуу билдиргенден кийин саналуу сааттардан соң Ооганстандагы эл аралык аба күчтөрү Пакистандагы уруулар жайгашкан вилайетке чабуул жасаган. Бул тууралуу Пакистандын расмий өкүлдөрү билдирди. Кабарларга караганда, окуя Пакистандын Ооганстан менен чек арасынын жанындагы Түштүк Вазиристан аймагында орун алган.

Пакистандын Коргоо министри Ахмед Мухтардын айтымында, Ооганстандагы эл аралык күчтөргө тийешелүү учактар таңга жуук Пакистандын аймагындагы үч имаратка чабуул жасаган.

Министр Мухтардын белгилешинче, аскердик өнөктүк болжол менен таңкы саат 4 жарымда башталган. Окуянын чоо-жайына токтолуудан баш тарткан министр мырза, муну Пакистандын Тышкы иштер министрлиги иликтеп жатканын билдирди.

Кабарларга караганда, аскердик өнөктүк Түштүк Вазиристан вилайетинин жанындагы Муса Ника Зиарат кыштагында орун алган. Бул аймак “ал-Каида” жана талип жоочулары жашырынган жай катары белгилүү.

Айрым күбөлөрдүн ырасташынча, чабуул аскердик тик учактардан жасалган. Башка күбөлөрдүн айтымында, аскердик өнөктүккө кургактыктагы жоокерлер дагы тартылган. Эгерде бул маалымат тастыкталса, анда бул эл аралык жоокерлер катышкан алгачкы чабуул болуп, Пакистанда чоң чууга себепкер болору талашсыз.

Аскердик өнөктүк болгон кыштактагы дүкөндүн ээси Гүл Наваз тик учактардын биринен эл аралык коалициянын ондогон жоокерлери секирип түшүп, үч имаратка чабуул жасаганын айтат. Башка тургундардын айтымында, жоокерлер бир канча адамдарды кармап алып кетишкен.

Бирок НАТО, АКШ жана расмий Исламабад “ал-Каида” жана талиптер кыймылынын жоочуларынын камакка алынышы тууралуу маалыматты тастыкташа элек.

Пакистандагы Түндүк-Батыш Чек ара вилайетинин губернатору Увайс Ахмед Гани бул аскердик чабуулга өтө ачууланганын айтат. “Бул – Пакистандын суверендүүлүгүнө түздөн-түз акаарат келтирүү” деп сыпаттады губернатор. Ахмед Ганинин айтымында, аскердик өнөктүк маалында 20 адам набыт болгон, алардын арасында аялдар жана балдар бар. “Пакистан эли өлкөнүн куралдуу күчтөрү эгемендикти коргоо жана сокку ургандарга ылайыктуу жооп кайтаруу үчүн көтөрүлүшүн күтөт” деди губерантор Ахмед Гани.

НАТОнун Ооганстандагы Эл аралык бейпилдик күчтөрүнүн басма сөз өкүлү таңкы чабуул тууралуу эч кандай маалымат болбогонун айтат.

Окуяны иликтеп жаткан көз карандысыз пакистандык журналист Саилаб Масуд Эркин Европа/Азаттык үналгысынын Ооган кызматына маек куруп берген. Журналист Масуд эл аралык жоокерлер тик учактардын колдоосу менен чындыгында эле аскердик өнөктүккө катышкан деп болжолдогон булактар менен макул болгонун айтат:

- Десантчылар тик учактар түшө калып, Пае Жан Вазир аттуу адамдын үйүнө кирип барышкан. Үйдөн аларга каршылык көрсөтүлгөн. Бизге жеткен маалыматтар боюнча бул чабуулдан бери дегенде 19 адам набыт болуп, дагы 20 киши жаракат алган. Мерт кеткендердин ичинде жети аял жана үч бала бар.

Пакистандын Куралдуу күчтөрү көптөгөн айлардан бери жоочуларга каршы аскердик чабуул уюштуруп келишкен. Бирок дүйшөмбүдө (1-сентябрда) расмий Исламабад мусулмандар үчүн ыйык Рамазан айы ичинде ок атышууну бир тараптуу токтото турганын билдирген.

Пакистан – АКШнын террорчулукка каршы согушунда өнөктөшү. Буга чейин Исламабад чет элдик жоокерлер менен биргелешип өзүнүн аймагында аскердик өнөктүк жүргүзүүгө каршы болуп келген.

Серепчилердин баамында шаршембиде таңга маал орун алган окуялар жаңы өкмөт өз бийлигин сактап калууга аракеттенип жаткан Пакистанда бир топ ызы-чууну, кызуу талаш-тартыштарды пайда кылышы ыктымал.

XS
SM
MD
LG