Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:33

АКШ ВИЦЕ-ПРЕЗИДЕНТИ АЙМАКТЫК САПАРЫН АЗЕРБАЙЖАНДАН БАШТАДЫ


Кошмо Штаттардын вице-президенти Дик Чейни бүгүн иш сапары менен Азербайжанга келди. Орусия өткөн айда Грузиянын аймагына аскер киргизгенин кескин сынга алган Чейни эртең Тбилисиге, андан соң Киевге барат. Кабарларга караганда, бүгүн Кошмо Штаттар Орусия менен жакындагы согуштан жабыр тарткан чарбасын кайра куруу үчүн Грузияга бир миллиард доллардык жардам берилерин жарыялары күтүлүүдө.

АКШнын Азербайжан, Грузия, Украина сыяктуу өнөктөштөрүн америкалык администрациянын жогорку даражалуу өкүлү "Орусиянын соңку бийлик оюндарынын көлөкөсү" алдында жашап жаткан өлкөлөр деп атаган эле.
Андыктан мурдагы СССР жана Орусия боюнча аналитик Стэнли Кобердин көз карашында, бул иш сапар жакында Тбилиси менен кыска согушка барган Москвага күчтүү белги берүүгө багытталгандай:

-Менимче алар (президент Буштун администрациясы) Орусияга бекем белги берүүнү көздөөдө. Бирок менин тынчызданганым – сөз менен кайым айтышуу бери дегенде өзгөчө болуп кетти. Мен муну шахмат оюнуна салыштырар элем. Дипломатия шахмат сыяктуу. Сиз жүрүш жасайсыз, анан башкалар жүрүш жасайт. АКШ менен Орусия ортосундагы көйгөйлөрдүн бири - эгер биз муну жасасак, кандай жооп болот деген нерсеге жакшыраак көңүл бурулган жок. Мен муну байкабай жатам.

АКШнын вице-президенти аймактагы сапарынын алкагында алгач токтогон Азербайжан мунай менен газга бай жана эң маанилүү куур өткөн өлкөлөрдүн бири экенин эске алганда, Бакудагы эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө Грузиядагы кырдаалдан тышкары энергоресурстарга байланышкан маселелер үстөмдүк кылчудай.

Азербайжан эл аралык базарга күнүнө бир миллион баррелдей чийки мунайды британиялык "Бритиш Петролиум" компаниясынын башкаруусундагы куур аркылуу чыгарат. Ал Орусиянын аймагына кирбестен Грузия жана Түркия аркылуу өтөт. Бирок Азербайжан жакында Грузиядагы чатакты жүйөө кылып, мунайынын бир бөлүгүн Орусияны көздөй буруп жиберген эле.

Азербайжан менен Грузия Батыштын “Набукко” деп аталган газ кууру долбоорун ишке ашыруу планы үчүн да өтө маанилүү өлкөлөр. Ал куур Борбор Азия өлкөлөрүнүн газы Европага Орусияны айланбастан жетүүсүнө шарт түзүүсү керек.

АКШ вице-президентинин Грузияга баруусу болсо, жикчил аймагы Түштүк Осетиядан улам Орусия менен аскерий жаңжаалга барган өлкөгө колдоо көргөзүү катары каралууда. Дик Чейни - америкалык администрациянын Грузияга ошол согуштан кийин келип жаткан эң жогорку даражалуу өкүлү. Буга чейин Мамлекеттик катчы Кондолиза Райс келип кеткен.

Аналитик Стэнли Кобердин пикиринде, Дик Чейни Тбилисиде Орусиянын Грузия кризисиндеги ролуна Кошмо Штаттардын каршылыгын жана Грузиянын демократиялык реформаларды ишке ашыруу аракетине колдоосун билдире алат. Бирок, азыркы жана андан кийинки администрация орундатарына бекем ынанмайынча эч кандай убада бербеши абзел.

Ал эми Украинада АКШ вице-президенти расмий сүйлөшүүлөрүн жума күнү өткөрөт. Анын сапары бул өлкөдөгү саясий баш аламандыкка туш келүүдө. Президент Виктор Ющенко менен премьер-министр Юлия Тимошенконун партияларынын коалициясы ыдырап кетти. Бул тууралуу шаршембидеги телекайрылуусунда президент Ющенко өзү жарыялады:

- Иш жүзүндө Жогорку Радада жаңы парламенттик коалиция түзүлдү. Юлия Тимoшенконун блогу Региондор жана Коммунисттер партиясы менен бирикти. Бул түзүлүш, мен баса белгилеп кетиким келет, Украина мамлекетинин кызыкчылыгында эмес. Бул биримдиктин түзүлүшү менен демократиялык көпчүлүк садагага чабылды.

Ага катар украин президенти эгер жаңы коалиция отуз күндүн ичинде куралбаса, парламент таратыларын эскертти. АКШнын вице-президенти Дик Чейнинин Киевде Виктор Ющенко жана Юлия Тимошенко менен да жолугушуусу белгиленген.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG