Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:45

Т.САРИЕВ: «АК ШУМКАР» ПАРТИЯСЫ ШАЙЛООГО КАТЫШАТ


Маектешкен Замира Кожобаева, Бишкек 6-октябрда боло турган жергиликтүү кеңештерге шайлоого талапкерлерди көрсөтүү эртең (5-сентябрь) аяктайт. Кечээ «Ак шумкар» партиясы шайлоого өз талапкерлерин көрсөткөнү маалымдалды. Аталган партия шайлоонун акыйкат жана адилет өтүүсүн көзөмөлгө алууну көздөөдө. “Ак шумкар” саясий партиясынын лидери Темир Сариев “Азаттыктын” таңкы маегинде кеп куруп берди.

-Жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышууга сиздердин партиянын атынан Бишкек шаардык кеңешине гана талапкерлер көрсөтүлгөнү айтылып жатат. Башка аймактарда дагы партиянын талапкерлерин көрсөтүүнү туура көргөн жоксуздарбы?

-Аймактарда жергиликтүү шайлоого катышып жаткан адамдар бар. Бирок биздин партиянын саясий чечими менен алар талапкерлигин партиянын атынан эмес, өздөрү көрсөтүп чыгышат.

Партиянын баштапкы уюму позициясы бизге төп келген партияга мүчө эмес адамдарды да колдоп, чогуу чыгабыз деп айтканбыз. Бишкек шаары боюнча партиянын атынан талапкерлерди сөзсүз көрсөтүү тууралуу саясий кеңештин чечими бар.

Кечээ Бишкек шаардык уюму өзүнүн отурумун өткөрүп, 11 адамды партиянын атынан шаардык кеңештин депутаттыгына талапкерлер көрсөтүлдү. Бүгүн-эртең алар тиешелүү документтерин чогултуп, БШКдан каттоого өтүүгө аракет кылышат.

-Жакында эле аймактык шайлоо комиссиялары куралып бүттү, учурда участкалык комиссиялар түзулүп жатат. «Ак шумкар» партиясынын атынан аймактык шайлоо комиссияларына мүчөлөр кирдиби?

-Бизде бир кичинекей мүчүлүштүк кетип калды. Биринчиден, аймактык шайлоо комиссияларынын куралышы жай мезгилине туш келип, “Ак шумкар” партиясынын уюштуруу иштери да катуу жүрүп жатканына байланыштуу учурунда аймактык шайлоо комиссиясынын курамына бизден өкүлдөр көрсөтүлбөй калган.

Ал эми участкалык комиссиялар боюнча азыр иштеп жатабыз. Жер-жерлердеги участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен сүйлөшүп атабыз, алар шайлоонун таза өтүүсүнө жана адилет жыйынтык чыгарууга салымын кошууга убадаларын беришти.

-Шайлоолор дайыма мыйзам бузуулар менен коштолот, жыйынтык адилет чыгарылбайт деген дооматтар айтылып эле жүрөт. Бирок ошентсе да жакында «Акыйкат үчүн» кыймылы 5-октябрда өтүүчү шайлоого көзөмөл кылуучу координациялык кеңеш түзулөрүн жарыя кылды. Сиз кандай ойлойсуз, мындай координациялык кеңештер, көз карандысыз, партиялык байкоочулар шайлоонун бурмалоосуз өтүүсүн камсыздап бере алабы?

-Албетте, шайлоону ошол күнү эмес, добуш берүүгө чейин көзөмөлдөшүбүз керек. Анткени шайлоого чейин биз катуу туруп, эскертүүлөрдү жасасак, мамлекеттик бийликте отурган жана шайлоо комиссияларына кирген адамдар мыйзам бузулган учурда жооп беришерин эскертип турсак, анда мыйзам бузуулар аз болот.

Эгер андай болбосо өткөн жылкы декабрь айындагыдай шайлоо болуп калат. Ошол үчүн биз бир топ партиялар жана “Акыйкат үчүн” кыймылы менен сүйлөшүп, партиялардын жана кыймылдардын күчү менен көзөмөлдү күчөтөбүз деп атабыз.

Экинчиден, парламенттик шайлоодон айырмаланып, мында жергиликтүү талапкерлер да добуш берүү учурунда жана шайлоонун жыйынтыгы чыгарылган убакта бурмалоолорго жол бербейт деп ишенип турабыз. Биздеги маалыматтар боюнча “Ак жол” партиясы да жер-жерлерден жылдырбайбыз дегенинин себеби да ушундан. Анткени аймактарда “Ак жол” партиясына каршы турган күчтөр көп, ортодо кандайдыр бир чатак чыгып кетпесин деп чочулап жатышса керек.

-Темир мырза, сизге чоң рахмат!

XS
SM
MD
LG