Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:59

ДИК ЧЕЙНИ: ГРУЗИЯ АКШга ТАЯНА АЛАТ


АКШнын вице-президенти Ричард Чейни Кавказдагы сапарын улантып, бейшемби күнү Тбилисиде болуп кетти. АКШ өкмөтүнүн атынан ал Грузияга колдоо билдирди жана жергиликтүү жетекчилер менен эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү жолдорун талкуулады. Чейни Тбилисиге келерден бир күн мурда президент Жорж Буш Грузияга Вашингтон бир миллиард доллар өлчөмүндө жардам көрсөтөрүн жарыялаган эле.

Тбилисиде президент Михаил Саакашвили менен биргелешип өткөргөн кыскача маалымат жыйынында Дик Чейни Грузиянын көз карандысыздыгын жана суверенитетин өтө маанилүү маселе деп баалап, эркиндик үчүн грузиндер чоң кун төлөшкөнүн, ошондуктан алар эркин болууга акылуу экенин белгиледи.

Эркиндикти Чейни грузиндердин тагдыры деп атады жана АКШ Грузиянын күчтүү, айныгыс досу экенине ишендирди.

Чейни Москванын жакындагы аскери кадамдарын айыптады,аларды Грузиянын чек арасын өзгөртүү аракети катары баалады.

Бул окуялар, Чейнинин айтымында, Россия ишенимдүү өнөк боло албай турганын көрсөттү жана региондогу эле эмес, жалпы эл аралык системага салакасын тийгизди.

Грузия өз көз карандысыздыгы, территориялык бүтүндүгү үчүн күрөштө АКШнын узак мезгилдүү колдоосуна жана жардамына таяна алат, деп белгиледи Чейни.

Региондогу узак мөөнөттүү коопсуздук үчүн Чейни Абхазия менен Түштүк Осетияга байланышкан талашты бардык тараптардын жана эл аралык арачылардын катышуусу аркылуу тынчтык жолдор менен чечүүгө чакырды.

Чейни НАТО-Грузия комиссиясы түзүлгөнүн кубаттады жана АКШда бул өлкө сөзсүз альянска мүчө болоруна ишене тургандыгын билдирди.

Президент Саакашвили Европадагы, Америкадагы жана башка өнөктөштөр менен биргелешип Грузияны кайра тикелөөдөн өзүнүн башкы озуйпасын көрөрүн билдирди. Мунун өзү Грузияда эркиндик шооласы эч качан өчпөй турганын билдирген белги болмокчу.

“Менин элимдин эрки жана каркыны, менин өкмөтүмүн жигери азыр болуп көрбөгөндөй бекем”, - деп айтты Саакашвили.

Тбилисиге Чейни Бакудан учуп келди. Азери президенти Илхам Алиев менен өткөргөн сүйлөшүүлөр учурунда ал региондогу элдерге Кошмо Штаттары алардын коопсуздугуна жана стабилдүүлүгүнө абдан кызыкдар экенин билдирүү үчүн президент Буштун тапшырмасы менен келгенин белгилген эле.

Байкоочулар Кавказдагы стабилдүүлүктү Вашингтон баарыдан мурда Баку-Тбилиси-Жейхан тутумундагы мунай куурун куруу менен байланыштыра турганын белгилешүүдө.

Беш күндүк согуш маалында аталган куурдун коопсуздугу толук кепилденбегени айгине болду.

Бул долбоордун башкы демилгечилеринин бири америкалык вице-президент Чейни болгонун эске салып, британдык Times гезити: “Каерде мунай жана проблема болсо, ошо жерден Чейнини издегиле”, - деп жазып чыкты.

Чейни бейшемби күнү кечке жуук Украинага учуп келди. Киев аны жаңыдан быкшып түтөй баштаган “саргылжын” кризис менен тосуп алды.

XS
SM
MD
LG