Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:09

АКШнын МАМЛЕКЕТТИК КАТЧЫСЫ КОНДОЛИЗА РАЙС ЛИВИЯГА БАРАТАТ


АКШнын мамкатчысы Кондолиза Райс бүгүн (5-сентябрда) Ливиянын жол башчысы Муаммар Каддафи менен жолугушууда. Бир кезде АКШнын террорду колдогон өлкөлөрдүн кара тизмесинде болгон Ливиядан Вашингтон бүгүн мунай алууга айрыкча кызыгып жаткандыгы байкалат.

Мамкатчынын Ливияда болоорун ушул дүйшөмбүдө жарыялаган Мамдепартаменттин маалымат катчысы Жон Маккормак бул визитти "тарыхый сапар" деп баалады. Бул - АКШнын мамкатчысынын Ливияга 1953-жылдан бери биринчи жолу баратышы.

- Андан берки узак мезгил аралыгында биз Айга киши жибердик, Интернет пайда болду, Берлин дубалы кулады, АКШда 10 президент алмашты. Ошондуктан бул чынында да маанилүү тарыхый визит. Ал ортодо алакалар өнүгүп, өз ара ишенимдин тереңдеп жаткандыгын көрсөтөт, - деди Мамкатчынын өкүлү.

МакКормак бирок эки ортодо өтө кыйчалыш убактар өткөндүгүн сөз кылган жок. Каддафи 1969-жылы төңкөрүштө бийликке келгенден кийин көп өтпөй, ага терроризмди колдойт деген кине коюлуп, 1986-жылы Кошмо Штаттары алтургай Ливияны бомбалаган.

Бирок 2003-жылы Кошмо Штаттары Иракка кол салгандан көп өтпөй Каддафи терроризмди айыптап, анын өлкөсү массалык кыргын салуучу курал программасынан баш тартып жаткандыгын жарыялаган. Каддафи ошондой эле 1988-жылы Шотландиянын үстүндө америкалык учакты атып түшүргөнү үчүн 100 миллиондогон доллар кун төлөөгө макул болду.

Баяндамачылардын айрымдары Ливиянын өзөктүк куралдан баш тартышын Кошмо Штаттары бул жааттагы чоң жетишкендик актары бетке кармаарын, бирок Ливиядан бөлөк бир да өлкө бул кадамга барбагандыгын белгилешүүдө. Түндүк Корея мындай программасынан баш тарткандыгын жарыялаган, бирок "Кошмо Штаттары өлкөнү терроризмди колдогон өлкөлөрдүн тизмесинен алып салган жок" деген шылтоо менен Пхенян учурда заводдорунун токтотуудан баш тартууда.

Вашингтондогу «Карнеги» изилдөө институтунун Жакынкы Чыгыш Программасынын жетекчиси Марина Оттауейдин пикиринде, ядролук куралдын жайылышын токтотуу Кондолиза Райстын Ливия сапарынын бир гана өңүтү, экинчи өңүтү – Ливия менен Батыштын ортосундагы ишкер алакаларды нормалдаштыруу болуп саналат:

- Батышта «биз Ливия менен кадыресе бизнеске даярбызбы?» деген суроо тууралат. Бул Каддагиге жараша болмокчу, ал теңирден-тескери кетпесе, бул мүмкүн деп ойлойм, себеби бул экономикалык жактан гана эмес, аны АКШ тарапта кармап туруу үчүн да керек.

Ливия менен ишкердүүлүк биринчи кезекте мунай-газ жаатында болмокчу. Ливиянын 40 миллиард баррел мунай кендери бар, өлкөнүн дагы канча мунайы бургулана элек экендиги белгисиз.

Европанын да Ливия менен ишкер байланыштары өнүгүүдө. Кийинкилерин алсак, 30-августта Италиянын өкмөт башчысы Силвио Берлускони Экинчи дүйнөлүк согушка чейин Италиянын Ливияны 30 жылга чукул басып турганы үчүн 5 миллиард доллар компенсация төлөө планына макул болду. Бул каражат курулуш долбоорлоруна, студентттик гранттарга жана ардагерлердин пенсиясына жумшалмакчы.

XS
SM
MD
LG