Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:32

ПАКИСТАН АЙМАГЫНА ЖАСАЛГАН АСКЕРИЙ ЖОРТУУЛ ҮЧҮН АКШны АЙЫПТАДЫ


Пакистан аймагына жасалган аскерий жортуулду ачуулануу менен айыптады. Алардын ырастоосунда, өлкөнүн уруулар турган аймагына АКШ баштаган аскерлер кирип, рейд учурунда тик учактар пайдаланылган. Андан кеминде он беш киши каза тапты. Кошмо Штаттардын бул окуяга карата азырынча ак же көк дебегени, балким, чабуул учурунда "ал-Каиданын" аттуу-баштуу адамы бутага алынганбы деген жоромолдорду да жаратпай койгон жок.

Эгер Исламабаддын айыптоолору чын чыкса, 3-сентябрдагы окуя Ооганстанда жайгашан чет элдик аскерлер Пакистандын уруулар көзөмөлдөгөн аймагында жашырынып жүргөн согушкерлерге жерден жасаган биринчи чабуул болот. Мурда уруулар турган аймактарга АКШ күчтөрү абадан жана ракетадан сокку урган учурлар кездешкен.

Пакистан армиясынын өкүлү чет элдик аскерлердин жортуулун айыптоо менен бул өлкө чек арасынын бузулушу экенин жана Исламабаддын Вашингтон менен коопсуздук чөйрөсүндөгү кызматташтыгына көлөкө түшүрүшү мүмкүндүгүн белгиледи.

АКШнын Исламабаддагы элчиси Анн Паттерсон нааразылык нотасын алыш үчүн Пакистандын Тышкы иштер министрлигине чакыртылды. Бирок саясий жактан сезимтал маселелер аралашып кеткенинин белгисиби, президент Буштун администрациясы Пакистан тараптын даттанууларына ак же көк деп жооп бергени азырынча коомчулукка айтыла элек.

Чынында эле Пентагондогу, Ак үйдөгү, же Мамлекеттик департаменттеги расмий өкүлдөр атүгүл ошондой чабуул жасалган-жасалбаганы жөнүндөгү маалыматтарды комментарийлөөдөн баш тартышты.

Исламаддын айыптоолоруна жооп берүүдөн Ооганстандагы АКШ баштаган коалициянын өкүлү да баш тартты. Ал эми НАТО баштаган эл аралык коопсуздук күчтөрү – ISAFтын өкүлү алардын буга такыр эле тиешеси жоктугун билдирди.

Анткен менен Пакистандын Коргоо министри Чаудрай Ахмад Мухтардын бейшембиде кабарчыларга айтканына караганда, рейд учурунда пайдаланылган тик учактар – ISAFтыкы болгон:

- ISAFтын үч тик учагы биздин уруулар аймагынын ичинен үч үйгө сокку уруусунун жүйөөсү эмнеде?

Айтор, кабарларга караганда, жортуул Пакистандын Ооганстан менен чектеш жана согушкерлердин таяныч бекети болгон, ошондой эле "ал-Каида" лидери Усама бин-Ладен менен анын орун басары Айман ал-Завахри жашырынып жүргөн жер болушу мүмкүн деп эсептелген аймакка жасалган.

Операция учурунда согушкерлердин жол башчылары же жок кылынганы же кармалганы азырынча беймаалым.

Буга чейин белгилүү болгондой, "ал-Каиданын" аттуу-баштуу адамдары колго түшкөндө Пентагон тергөөчүлөр башка согушкерлер жөнүндө соңку маалыматтарды топтоп алуусуна мүмкүндүк берүү үчүн бир нече аптага унчукпай койчу.

Андыктан чечкиндүү кадамдай көрүнгөн ушул шаршемби күнкү операция, анда "ал-Каиданын" кеминде бир жолбашчысы бутага алынган деген жоромолдордун чыгуусун шарттабай койгон жок.

Аналитиктердин пикиринде, америкалык жөө аскерлердин же атайын операцияга адистешкен күчтөрдүн Пакистан аймагына жортуул жасоосундагы максат, Исламабаддын терс жообу айныксыз экенин эске алганда, өзгөчө маанилүү болушу керек.

АКШ аскерлери жортуул жасады делген 3-сентябрдан эки күн мурда эле, Пакистандын Ички иштер министрлигинин жогорку даражалуу өкүлү коопсуздук күчтөрү "ал-Каиданын" экинчи адамы ал-Завахрини кармоо мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарып жибергенин билдирген болчу.

Рехман Маликтин айтымында, ал-Завахри Пакистандын уруулар турган аймагы менен Ооганстандын чыгышындагы Кунар, Пактика провинцияларынын ортосунда жылып жүрөт.

Америкалык аскер кол башчылар Пакистан бийлигин согушкерлердин уруу аймактарындагы топторуна каршы жетиштүү чара көрбөгөнүнө нааразылыгын буга чейин далай ирээт ачык билдиришкен.

Согушкерлердин Ооганстанды көздөй өтүшүн ооздуктабай жатканы үчүн Исламабадды ооган президенти Хамид Карзай да бир нече жолу айыптаган, атүгүл Пакистандын колунан келбесе, ооганстандык жана коалициялык аскерлер террорчулардын чек аранын аркы бетиндеги уяларын жок кылууга укуктуу экенин айтып чыккан жайы бар.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG