Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:27

ТАЛАПКЕРЛЕР ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТЕРГЕ ӨЗ АТЫНАН БАРУУНУ АРТЫК КӨРҮҮДӨ


5-октябрга белгиленген жергиликтүү кеңештерге шайлоого талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү кечээ (4-сентябрда) аяктады. Бүгүнтөн баштап келерки беш күндө шайлоо комиссиялары талапкерлерди каттап бүтүшү керек. Бул аралыкта ЕККУнун Бишкек кеңсеси билдирүү таратып, жергиликтүү кеңештерге шайлоолордун мыйзам чегинде өтөрүнө үмүт артты.

Округдук шайлоо комиссиялары талапкерлердин документтери 4-сентябрда түн жарымына чейин кабыл алгандыктан, Борбордук шайлоо комиссиясы канча талапкердин арызы кабыл алынгандыгы тууралуу так маалымат бере алган жок. Белгилүү жагы – саясий партиялар аркылуу эмес, өзүн өзү көрсөтүү аркылуу шайлоого бараткандардын саны басымдуулук кылат. “Азаттыкка” бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоо жараяндары боюнча сектор башчысы Аманкул Молдалиев мындай деди:

- Саясий партиялар өтө эле пассивдүү. Мына азыр Ысык-Көлдөн 1490 адамдын 37си саясий партиядан, Таластан 727ден 61 эле саясий партиядан. Партиялардын активдүүлүгү төмөн болуп атат.

БШК талапкерлердин арасында кайсы партиянын мүчөлөрү көптүк кылып жатканы тууралуу да маалыматтар так эмес деп жатат.

Ошол эле учурда оппозициялык күчтөр “Ак жол” партиясынын үстөмдүгүнөн чочулаган бир топ партиялар талапкерлерин партиянын атынан каттатуудан баш тартып жатканын айтышууда. Ал эми “Ак жолдун” башчысы, президент Курманбек Бакиев өз партиялаштарын жергиликтүү кеңештерге шайлоого өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен барууга чакырып, айыл-шаарлардын партиялык платформалар ортосундагы күрөш аймагына айланышын каалабастыгын билдирген. Президент жүйөөлүү сактанып жатат дейт “Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев:

- Биздеги маалыматтар боюнча “Ак жол” партиясы да жер-жерлерден жылдырбайбыз дегенинин себеби да ушундан. Анткени аймактарда “Ак жол” партиясына каршы турган күчтөр көп, ортодо кандайдыр бир чатак чыгып кетпесин деп чочулап жатышса керек.

Болжолдуу маалыматтарга караганда, айрыкча Бишкек шаардык кеңешке депутаттык үчүн ат салыш күчтүү болчудай. БШК өкүлдөрү талапкерлердин саны бүгүнкү күнгө чейин эле бир мандатка бештен айланып калды деп жатышат . Алардын катарында оппозициялык “Ата мекен”, “Ак шумкар”, “Таза коом” партияларынын тикелей көрсөткөн талапкерлери жана өз алдынча барган мүчөлөрү бар.

Бул аралыкта Бишкек шаар кеңешинин депутаты, шаардык кеңештин мурдагы төрайымы Нуржамал Байболова шайлоонун мыйзамдуу өтөрүнө караманча ишенбестигин билдирди:

- Жок мыйзамга ишенип, үмүт артып, шайлоого катышууга менин көңүлүм да жок, шайлоонун адилет болоруна да ишенбейм.

Анткен менен жарандык коом мыйзам бузууларга жол бербөөнүн аргасын издеп жатат. Бул максатта “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы баштаган алты бейөкмөт уюм 35 айылда шайлоочуларды окутуу иштерин баштаганы турат. Мындан тышкары 420 байкоочу даярдап жатат:

- Республика боюнча биз азыр 420 байкоочуну 15 айыл-шаарларга коелу деп атабыз. Анын ичинде сөзсүз Бишкек шаары бар, - деди коалициянын башчысы Динара Ошуракунова.

ЕККУнун Бишкек бюросу болсо кечээ билдирүү таратып, анда жергиликтүү кеңештерге шайлоолорду уюштурууда БШК 16-декабрдагы парламенттик шайлоого байланыштуу Демократия институту жана адам укуктары бюросунун сунуштарын эске аларына үмүт артты.

Белгилеп койчу маалымат – жергиликтүү кеңештерге шайлоого Бишкек шаардык кеңеш, облустук маанидеги дагы 9, райондук маанидеги 12 шаардык кеңештер, 40 райондук кеңеш, 425 айылдык, поселкалык кеңештер катышат. Жалпысынан ар кандай деңгээлдеги жергиликтүү кеңештерге шайланчу депутаттардын жалпы саны - 7645.

5-октябрдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоого Ош, Токмок, Каракол шаардык кеңештери менен 41 айылдык, поселкалык кеңештер катышпайт. Себеби, алардын басымуу бөлүгүндө шайлоо өткөнүнө төрт жыл толо элек, бир катар шаардык, поселкалык кеңештер болсо кайра түзүлүп жатат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG