Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:54

ЖОН МАККЕЙН ТАРАПКЕРЛЕРИН ПРЕЗИДЕНТ БОЛОРУНА ИШЕНДИРДИ


АКШда республикачылардын курултайы аяктады. Партиянын атынан ырасмий түрдө президенттикке талапкер болуп көрсөтүлгөн сенатор Жон Маккейн өз тарапкерлерин ноябрдагы шайлоону утуп аларына жана Вашингтонду өзгөртө тургандыгына ишендирди. Өзүнүн программалык сөзүндө ал Россиянын саясатын сынга алып, бирок президент болуп калса Москва менен мамилелерди жакшыртканга умтуларын белгиледи.

Жон Маккейн программалык сөзүндө азыркы президент Жорж Бушту бир ирет гана оозанды, ал эми ноябрдагы башкы атаандашына жылуу ыкыласын билдирди. “Эгер сенатор Обаманы жана анын жактоочуларын ызаттабасам, анда америкалык болбос элем. Бирок силерди ишендиргенге ыракым кылгыла, урматтуу достор, шайлоону биз утуп алабыз!”-деп айтты Маккейн.

Муну менен Маккейн өзүн көз карандысыз саясатчы таризде көрсөткөнгө аракет кылды. Кокус Ак үйгө келип калса, демократтардын да, республикачылардын да ой-пикирлерин бирдей эске алган саясат жүргүзөрүн айтып, сенатор жеке өзүнө же өз партиясына, дегеле ким бирөөнүн кызыкчылыгына эмес, жалаң элге кызмат кыларына ишендирди. “Айткан сөздөн айнып кетмей адатым жок, мындай адат губернатор Сара Пэйлинде да жок. Биз силерге Вашингтонду өзгөртөбүз, өлкөнүн проблемаларын ыкыбалы тайкы кайсыдыр бир муунга калтырбайбыз деп айтып жатабызбы – буга ишене берсеңер болот. Берген убаданы аткарганга бизде тажрыйба, күч, акыл-эс жана эрк да жетет” , - деди Маккейн.

Маккейн америкалыктарга азыр кыйын-кыстоо мезгил келгенин ырастап, Пэйлин экөө алардын турмушун жакшыртуу үчүн колдон келгендин баарын жасаганга сөз берди. Анын программасында салыктарды кыскартуу, билим берүү системасын жакшыртуу, мамлекеттик чыгымдарды азайтуу, миллиондогон жумушчу орундарды түзүү, америкалык товарлар үчүн жаңы рынокторду учуу сыяктуу пландар бар. Улуттук масштабдагы үлкөн долбоорлордун арасынан Маккейн жаңы мунай кендерин ачууну, өлкөнүн өзүндө энергиянын ар түрдүү булактарын активдүү пайдаланууну атады.

Тышкы саясатта ал АКШга ыкыласы жок өлкөлөргө жылына жети миллиард доллардан ашуун жардам бөлүштүргөн практиканы токтотконго, Ирактагы согушту жеңиштүү аяктоого, ”Ал-Каидага” жана башка террордук уюмдарга сокку урганга убада берди. Маккейн орус-америка мамилелерине да атайын токтолду. Президент болуп калса ал Россия менен алакаларды жакшыртканга аракет кылат, андыктан “кансыз согуш” кайтып келет деп камтама болуунун кажети жок. Ошол эле учурда Маккейн агрессияга, эл аралык укуктардын бузулушуна, бүт дүйнөдөгү тынчтыкка жана стабилдүүлүккө, америкалыктардын коопсуздугуна коркунуч түзүлүп жаткан учурларга көз жумуп коё албастыгын да эскертти. Бу кооптуу дүйнөдө америкалыктар үчүн коркунучтар аз эместигин айтып, Маккейн аларга шайма-шай турганына ишендирди.

Ушул аңытта Маккейн вьетнам согушунда тарткан мүшкүлдөрүн эскерди. Туткундагы жылдар, Маккейндин айтымында, аны таптакыр башка адам кылып өзгөрттү. Ошондон тартып ал өзүн бүт бойдон өлкөгө таандык адам деп эсептейт.

Курултай аяктары менен Маккейндин командасы өлкөнү кыдырып, үгүт жүргүзгөнү жөнөп кетти. Ушул айдын этегинде баштала турган телетаймаштарды демократтар менен республикачылар өнөктүктүн чечүүчү учуру катары карап жатышат.

XS
SM
MD
LG