Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:32

ЗАРДАРИ – ПАКИСТАНДЫН ЖАҢЫ ПРЕЗИДЕНТИ


Пакистандагы президенттик шайлоодо Асиф Али Зардари жеңип чыкканы бүгүн расмий жарыяланды. Сыналгыда чыгып сүйлөп, Зардари өз жеңиши – жалпы демократиялык жараяндын жеңиши болду деп билдирди. Эми ал 18-августта кызматынан кеткен Первез Мушаррафтын ордуна мамлекет башчы болуп калды. Маркум Беназир Бхуттонун күйөөсү Зардариге атаандаш чыккан башка эки талапкер тең шайлоо жыйынтыгын тааный турганын билдиришти жана Зардарини жеңиши менен куттукташты.

Маркум жубайы, мурдагы премьер-министр Беназир Бхутто киши колдуу мерт тапкан соң анын ордуна Пакистан Элдик Партиясынын жетекчиси болуп калган Асиф Али Зардари ишембидеги (6-сентябрдагы) президенттик эрте шайлоодо ишенимдүү добуш алып, берки эки атаандашынан озуп чыкты жана президенттик шайлоодо жеңгени расмий тастыкталды.

Бүгүнкү добуш берүүдө парламенттин эки палатасынын тең мыйзам чыгаруучулары жана төрт чөлкөмдүн (Синдх, Пенжаб, Балучистан жана Түндүк-Батыш Чек ара Вилайетинин) жыйындарынын мүчөлөрү Зардариге артыкчылык беришти.

Оболу аскердик төңкөрүш аркылуу бийликке келип, кийинчерээк президент болуп калган генерал Первез Мушарраф импичментке кабылбас үчүн 18-августта ыктыяры менен кызматтан чегинген.

Зардари тууралуу Пакистанда ар кыл талаш-тартыштар жүрүп келди. Аны “коррупцияга малынган” деп сындаган уу-дуу кептер көп болгону менен, эч качан ал сот тарабынан айыптуу табылган эмес.

Саясий көз карашы жагынан Зардари батышчыл эсептелет жана ал Вашингтондун эл аралык террорчулукка каршы согушун ырааттуу колдоого алып келет.

Асиф Али Зардариге атаандаш чыккан Сайид уз-Заман Сыддыки (Пакистан Мусулмандар Лигасы – Наваз Партиясы, б.а. PML-N) жана Мушахид Хусайн Сайид (Пакистан Мусулмандар Лигасы – Куваид, б.а. PML-Q) мырзалар бүгүнкү шайлоонун жыйынтыгы расмий жарыяланган соң, бул шайлоону тааный тургандыгын калайык алдында тастыкташты.

Мурдагы премьер Наваз Шарифтин партиясынын өкүлү Сайид уз-Заман Сыддыки ушул тапта террорчулукка, жакырчылыкка каршы күрөш, экономиканы жолго салуу сыяктуу жалпы көйгөйлөр турганда Пакистан эли үчүн ынтымак керектигин баса белгиледи.

Мурдагы президент Первез Мушаррафты колдогон партиянын өкүлү Мушахид Хусайн Сайид да өз атаандашын кызуу куттуктады:

- Биз Асиф Али Зардари мырзаны Пакистандын президенти болуп шайланган ийгилиги үчүн куттуктайбыз!

Эми Зардари өлкө башына түшкөн оор мүшкүлдөрдү жеңүү (анын ичинде экономикалык жана социалдык көйгөйлөрдү чечүү жана талиптер менен эриш-аркак чыгып жаткан эл аралык жана жергиликтүү исламчы жоочуларга каршы жигердүү күрөш жүргүзүү) үчүн ар тараптуу иш-аракеттерди маалкатпастан жүзөгө ашырууга аргасыз.

(Сүрөттө - Асиф Али Зардари менен Наваз Шариф. 2008-жылдын 9-марты.)

XS
SM
MD
LG