Линктер

жума, 22-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 21:45

Пакистанда Асиф Али Зардаринин президент болуп шайланышын майрамдап жатышат


Кабарларга караганда, ал эртең-бүрсүгүндөрү ант берип, ишке киришет. Ал 706 делегаттын 481инин колдоосун алды. Зардари анын өкмөтү киши колдуу болгон экс-премьер жубайы Беназир Бхуттонун арбагына багыштап, өлкөдө толук демократия орнотууну максат кылаарын билдирди. Анын аралыгында, Пакистандын түндүк-батышындагы жардыруудан 35 киши набыт болду. Ооганстан менен чек арага жакын жердеги Пешавардагы жардыргыч зат жүктөлгөн унаа аркылуу жасалган жардыруунун бутасы - полиция бекети болду.
XS
SM
MD
LG