Жекшембиде Бээжиндин «Куш уясы» стадионундагы Он үчүнчү Паралимпиалык оюндардын ачылыш салтанатына чогулган коноктор миңдеген бийчилер жана башка өнөрпоздор көрсөткөн ажайып оюн-шоокко күбө болушту. Эми 148 өлкөдөн (анын ичинде Кыргызстандан) барган 4 миңден ашуун атлет 20дай спорттук оюн боюнча 472 алтын медал үчүн таймашат. Майып спортчулардын башкы урааны – «ар кишинин өмүрү кадырга жана сыймыкка татыктуу».