- Сиз жакында маалымат каражаттары менен соттошуулар быйыл опсуз күчөп кетти, жүзгө чапчып баратат деп билдирдиңиз. Кыргызстандын маалымат айдыңында эмне үчүн ушундай жагдай түзүлүп калды?
Бул жагдай Кыргыз Республикасынын медиа өкүл институнун практикасына таянып айтылган болчу. Ал практиканы айтып кете турган болсок, эгерде 2006-07-жылдары соттук практикада журналисттерден жана жалпыга маалымдоо каражаттарынан орто эсеп менен алып келгенде адамдын кадыр-баркы, ар-намысына шек келтиргени үчүн 20-30 миңден ашпаган суммадагы айып акча алынса, 2008-жылы бул акча кескиндүү түрдө көбөйүп кеткен. Кээ бир учурда таптакыр негизсиз көбөйүп кеткен.
Өзүңүздөр билесиздер азыр миллиондогон суммалар реалдуу түрдө сот аркылуу журналисттерден алынып жатат. Ал эми орто эсеп менен жалпысынан республика боюнча алып келсек, бул сумма 20-30 миңден 50-60-70 миң сомго чейин көтөрүлдү. Албетте, бул журналисттерге жана жалпыга маалымдоо каражаттарына чоң түйшүк болуп эсептелет.
- Чындыгында эле бул кандайдыр бир жарыш сыяктуу болуп аткандай, маалымат каражаттарынын кынтыгын издемей, анан дароо сотко бере коймой. Бул мыйзамдардын алешемдигиненби же чын эле маалымат каражаттарына каршы кысым катары санаса болобу?
Албетте, бул мыйзамдын дагы чоң-чоң мүмкүнчүлүктөрү деп айтсак болот. Бирок ошол эле учурда азыр жылпы түрдө байкап келсек, Кыргызстандын судьяларынын журналисттерге болгон мамилеси өтө эле начарлап кетти деп айтсак болот. Бул дагы өтө эле негизсиз болгон мамиле. Муну албетте, кысым катары бааласак болот.
- Эмне үчүн мамлекет маалымат каражаттарынын эркиндигин коргой албай жатат? Маалымат каражаттарынын эркиндигин же мамлекет өзү каалабай жатабы?
Себеби, бизде Борбор Азияда Кыргыз Респуликасында буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттары өтө эле өзүн эркин сезип, өтө эле эркин ой-пикирлерин чагылдырчу. Менимче ушул багыт жакпай жатса керек. Азыр көп жерде чектөө иш аракеттери жүрүп жатат.
-“Де-факто” гезитинине 4 млн. сом айып салынды эле. Кылмыш иши козголгон. Асылбек Бакиевге бир миллион төлөбөй жатат деп кылмыш козголору тууралуу да маалымат тарады эле. Сиздерде акыркы кандай маалыматтар бар?
Акыркы маалыматтар боюнча азыр “Де-факто” гезитинин башкы редактору жана алардын өкүлдөрү өз алдынча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат. Алар азыр эмнеге үмүттөнүп жатканын билбейм. Азыр алар кандайдыр бир коомдук резонанс кылгысы келбей, өздөрү бүтүргөнгө аракет кылып жатышат.
- Сиз президенттин УТРКны реформалоо жөнүндө жардыкка кол койгондугун колдоп жатасыз. Ошол эле мезгилде жер-жерлердеги радио компаниялардын тагдыры кандай болот деп күтүп атасыз?
Жер-жердеги мамлекеттик теле-радио компаниялардыкы бул жарлыкка кол коюлгандан баштап жыргап кетет деп айтуу кыйын. Алар жыргап кетпейт. Бирок бара-бара бул өнүккөнгө жакшы өбөлгө түзүлөт деп ишенем.
- Маегиңизге рахмат.