Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:17

ЖАКЫНКЫ ШАЙЛООЛОРДО БИЙЛИК ЧЕГИНИП ТУРУУНУ ЧЕЧТИБИ?


Жергиликтүү кеңештерге шайлоолорду утурлай, президент Курманбек Бакиев кол алдындагы чиновниктерди жана “Ак жол” партиясынын жетекчилигин шайлоолор менен көп алектенбөөгө көрсөтмө берген. Серепчилер өлкө башчысынын мындай кадамын, оппозициядагы саясатчылардан жана жаш муундун өкүлдөрүнөн турган чама-чаркы чакталуу топту бийлик бутактарына өткөрүп коюуну гана көздөгөн астейдил саясат катары баалашууда. Мындай болгон учурда бийликтеги бир катар чиновниктер таза иштөөгө мажбур болушуп, президентке эле кошумча упай алып келерин айтышат. Бийлик өкүлдөрү жер-жерлерде шайлоого тоскоол болгон чиновниктер кызматтарынан дароо бошотуларын айтышууда.

Жакында Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоолор өткөрүлмөкчү. Бул шайлоолорду утурлай президент Курманбек Бакиев өзүнүн “Ак жол” партиясынын жетекчилерине жана кол алдындагы чиновниктерге шайлоодон оолагыраак болгула деген көрсөтмөсүнө карабай, айрым жерлерде шайлоо жараянына тоскоолдуктар боло калып жатканы айтылууда. Маселен, Ош облусунун губернатору Аалы Карашев “Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып, андай кадамга барган чиновниктер жазаланарын билдирди:

- Президентибиз айткандай, “жергиликтүү кеңештерге шаайлоолорду саясий аренага айлантпасак”. Мен муну толук колдойм. Ош облусунун аймагында алдыдагы шайлоолордо кайсы саясий партия болсо дагы эч кандай тоскоолдуктар жок. Мен учурдан пайдаланып угармандарга да айтып кетким келет. Эгерде кайсы бир айылдык кеңеште же райондук кеңеште тоскоолдуктар болуп калса дароо айтыңыздар. Эгерде алар мамлекеттик кызматкер болсо керек болсо ошол күнү жумуштан бошотобуз.

Президенттин жергиликтүү кеңештерге шайлоолорго бийликтин кийлигишпөөсү керектиги тууралуу насаатын серепчилер ар кандай жоромолдошот. Маселен, “Бардык бийлик бутактары өңчөй “Ак жол” партиясынан куралып калышынан бийлик чочулайт. Анткени, мындай учурда өнүгүү токтоп, экономикада сенектик пайда болуп кырдаал курчуп кетет. Ошол себептүү бийлик бутактарына анча-мынча оппозиция өкүлдөрүн, жаштарды аралаштырып, алдым-жуттумга көнгөн чиновниктерди безге сайып туруу максаты бар”,- дешет.

Мындай кадамы менен президент өзүнө эле кошумча упай топтоп аларын айткандар, кандай болгон күндө да бийлик тараптан ар нерсени күтсө болорун кошумчалашат. “Ата мекен” партиясынын төрагасынын орун басары Дүйшөн Чотонов мындай дейт:

- Бирок биз кандай болгон күнү да күрөшүшүбүз керек. Бийлик акыркы шайлоолордо өзүнүн жүзүн көргөздү. Мыйзам, адамгерчилик деген нерселерди четке кагып таштап, бүт дүйнөгө шылдың болду. Ошентсе да биз мыйзамдуу жол менен иштей беребиз. Эгер дагы ошенте турган болсо кайра эле шылдың болот. А элин сыйлабаг бийлик ушинтип отуруп жок болот.

Жарандык коомчулук дагы келаткан шайлоолорду кызыгуу менен күтүп турушат. “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунованын айтымында, элеттиктер үчүн бул шайлоолор абдан кызык, ошондуктан шайлоолорго элдер көп келиши мүмкүн. Бирок, президенттин “шайлоолорго кийлигишпегиле” деген насааты аткарылабы же жокпу күмөн:

- Биздин президент ар бир эле шайлоонун алдында ушул сыяктуу сунуштарын, насаатарын айтып келет. Өткөн парламенттик шайлоонун алдында дагы ушинтип айткан, шайлоону таза, ачык жүргүзөлү деп. Бирок жер-жерлердеги чиновниктер шайлоону бурмалап кетишет. Президент айтып кое берет. Биз көрүп атабыз го анын айткандарын кандай аткарып атышканын.

XS
SM
MD
LG