Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:21

ЖЭЭНБЕКОВ АБАКТА, ОППОЗИЦИЯ БИЙЛИКТИ АЙЫПТАДЫ


9-сентябрда кечке жуук “Алиби” гезитинин мурунку башкы редактору Бабырбек Жээнбеков Ички иштер министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгы тарабынан кармалып, тергөө абагына камалды. Оппозиция Жээнбековдун камакка алынышын кескин айыптап, аны сөз эркиндигин муунтуу жана коркутуу катары мүнөздөдү. Ал эми бийлик Жээнбеков тергөө ишине тоскоол жасайт, ошондуктан кармалды деген пикирди айтууда.

Ж.Бабырбековдун ишин караган тергөөчү Турат Байчаевдин айтымында, Бабырбек Жээнбеков соттун чечимин аткарбагандыгы үчүн кармалды. Сот болсо Жээнбековго Асылбек Салиевдин пайдасына 1 миллион сом өндүрүп берүү чечимин чыгарган.

Маалым болгондой, гезит быйыл жыл башында “Президенттин инисинин ишин ким тергейт?” аттуу макала жарыялап, анда өлкө башчысынын бир тууганы Жаныш Бакиевдин уулу Асылбек Салиевдин адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгына тиешеси болушу мүмкүндүгү айтылган. Асылбек Салиев болсо бул макала анын кадыр-баркыма шек келтиргендигин билдирип сотко кайрылган.

Июнь айында бул ишти Биринчи май райондук соту карап, гезитке бир миллион сом айып салган. Шаардык сот райондук соттун чечимин колдогон чечим чыгарган.

Бабырбек Жээнбековдун адвокаты Ашырбек Жорупбековдун айтымында, ал бүгүн кечээ күнү камакка алынган Бабырбек Жээнбеков менен жолугушуп келди жана ал өзүн жакшы сезип турат.

Бабырбек Жээнбековдун Америкада жашаган уулу Равшан Жээнбеков атасынын камакка алынышына мындай баасын берди

-Бул биздин эле үй бүлөгө жасалып жаткан басым эмес, бул жалпы кыргыз улутуна жасалып жаткан басым. Себеби менин үй бүлөм, менин атам же мага жасаган иштер аркылуу Бакиевдин бийлиги, анын бир туугандары бүт кыргыздарды баскысы келип жатат. Анткени биз жөн гана үлгү катары кетип жатабыз. Менин айтайын дегеним, бул биздин улутубуздун, биздин мамлекетибиздин проблемасы.

Бабырбек Жээнбеков “Ата Мекен” партиясынан Бишкек шаардык кеңешине депутаттыкка талапкер болуп, документтерин тапшырган. Партия лидери Өмүрбек Текебаев катталган талапкердин камакка алынышы мыйзамсыз экендигин белгилеп Жээнбековдун камакка алынышын саясий куугунтук катары баалады:

- Акыркы кездерде саясий куугунтуктоо күч алып баратат. Кечээ Бишкек шаардык кеңешке депутаттыкка талапкер Бабырбек Жээнбековду кармап, камакка алышты. Камакка алганга аларда эч кандай негизи да жок, ал мыйзамга да туура келбейт. Талапкерди камакка алыш үчүн БШКдан уруксат алыш керек, же болбосо кылмыш кылып жаткан жерден кармаш керек. Шаардык тергөөчүлөр Жээнбековду чакырып, сен эмне үчүн башка гезит ачып алдың деп, үстөккө-босток мыйзамсыз коркутуп келген. Биз муну саясий куугунтуктоо катары баалайбыз. Шайлоонун алдындагы башка саясатчыларга эскертүү катары баалайбыз.

Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз катчысы Бакыт Жумагулов азыркы мезгилде жергиликтүү кеңештерге депутаттарды каттоо 15-сентябрда аяктаарын, ошондуктан Жээнбековдун да каттала электигин билдирди.

Бабырбек Жээнбековдун камакка алынышына байланыштуу, “Журналист” коомдук бирикмеси президент баш болгон бийлик өкүлдөрүнө кайрылуу жасап, Жээнбековдун баш коргоо чарасын өзгөртүүнү өтүнгөн. Маалымат каражатынын өкүлүн камакка алуу өлкөнүн аброюна терс таасирин тийгизери да кайрылууда эскертилген.

Жээнбековдун камакка алынышын “Акыйкат үчүн” кыймыл бүгүн талкуулап, билдирүү кабыл алды. Билдирүүдө Жээнбековдун камакка алынышы “Ата мекен” партиясына, Жээнбековдордун үй бүлөсүнө, сөз эркиндигине кысым көрсөтүү катары бааланды.

“Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариевдин маалымдоосуна караганда, 11-сентябрда Бабырбек Жээнбековго байланыштуу сот болот. Сотто аны камакка алуунун мөөнөтүн узартуу же бошотуу маселеси каралат. Оппозициянын аракеттери соттун чечимине жараша болот. “Саясий акция жөнүндө бүгүн сөз болду бирок чечим кабыл алынган жок”, - деп белгиледи Сариев.

Белгилүү болгондой тартип коргоо органдары тарабынан “Де-факто” гезитинин башкы редактору Чолпон Орозобековага да кылмыш иши козголгон. Орозобекованын маалымдоосуна караганда, учурда ал балдары менен шаардын сыртында жашынып жүрүүгө мажбур болууда. Анын жолдошу Жеңишбек Эдигеев да облустардын биринде жашырынып жүрөт.

Тергөөчү Турат Байчаев Орозобекованын жана анын күйөөсүнүн жашынышы үчүн негиз жок экенин жана аларга издөө салынбагынын маалымдады. Бирок Орозобекова жана Эдигеев шаардан чыкпоо тууралуу тил катты бузушканын белгиледи.

“Де-факто” гезитине да президенттин бир тууганы Жаныш Бакиевдин уулу Асылбек Бакиевдин доо арызы менен сот тарабынан айыпталып, 1 миллион сом айып пул салынган.

(Сүрөттө: АКШдагы Массачусетс технологиялык институтунун бүтүрүүчүсү, “Ата-Мекен” партиясынын мүчөсү Равшан Жээнбеков менен “Алиби” жана “Ачык саясат” гезитинин баш редактору Бабырбек Жээнбеков)
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG