Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:02

М.КАРАТАЕВ: БОИНГ-737 УЧАКТА МЕРТ БОЛГОНДОРДУН СӨӨКТӨРҮ АНЫКТАЛДЫ


24-августта Бишкектин жанында кыйраган Боинг-737 учагында мерт болгондордун сөөктөрүн таануу иш-аракеттери аягына чыгып калды. Анын жыйынты тууралуу бүгүн Саламаттык сактоо министрлиги маалымат жыйынын өткөрдү. Акыркы жагдайлар тууралуу “Азаттыктын” таңкы түз ободогу суроолоруна Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев жооп берди.

- Мадемин мырза, авиакырсыкка кабылгандардын айланасында жагдай кантип атат азыр?

- Кечээ Ирандын адистери жана биздин адистер келишти, сөөктөрдүн бардыгы такталып, идентификацияланып бүттү. Кечээ ирандыктар 41 сөөктү атайын учак менен алып кетишти. Ал жерге расмий жетекчилер да барып, көңүл айтышты. Бизден эки министр болду, элчи болду. Ошол жерде чогуу туруп 41 сөөктү жөнөттүк.

Мындан тышкары Кыргызстандын, Казакстандын, Канаданын жарандарынын сөөктөрү да такталды. Кечээ Казакстандын бир жана Кыргызстандын бир атуулунун сөөгүн бергенбиз. Кыргызстандык жарандардын сөөктөрү боюнча документтер такталып, бардыгы уюштурулду. Бүгүн сөөктү жакын туугандары алып кетсе болот.

- Кытайдан, Түркиядан да жарандар бар дешти эле. Алар эмне болушту?

- Ооба, Түркиянын жараны да бар бул жерде. Кытайдын жараны боюнча өткөндө айтканбыз, 12 адамды тааныганда аны да таанышкан.

- Кыргызстандыктардын ахыбалы кантип атат, толугураак токтолсоңуз?

- Кыргызстандык 10 адамдын ДНКсын (бир канадалык, бир казакстандык менен кошо) салыштырып таануу үчүн туугандарынын канын Бишкектен алып кетишти эле, анын баары такталып бүттү. Анан дагы бир нерсени айтайын, өткөндө айттык эле эки мешокто (капта) фрагменттер (буттар, колдор ж.б.) бар деп. Алардын баарын тактап, болгонун болгондой, өз жайына койдук.

- Эки студенттин дайынсыз болуп жаткандыгы жөнүндө маалымдалды эле. Алар боюнча жаңы маалыматтар барбы?

- Ал боюнча мен айта албайм. Бул маселени прокуратура менен ички иштердин адистери талкуулап жатышат. Бүгүн биздин министр баш болуп соттук-медициналык эксперттерибиз ДНК боюнча пресс-конференция берет. Ал эми эки студент кыз боюнча менде так маалымат жок.

- Авиакырсыкта аман калгандардын ахыбалы кандай азыр? Байкоо жүргүзүлүп атабы саламаттыгына?

- Аман калгандардан Касымалиев Москвада, аны билесиздер, Склифософский атындагы ооруканада, күйүк бөлүмүнүн реанимациясында жатат. Абалы бир калыпта эле болуп турат. Калгандары кудайга шүгүр, жакшы эле, кээ бирлери ооруканадан чыгып кетишти.

- Экипаж мүчөлөрүнүн ден соолугуна кызыктыңарбы? Саламаттыгы кандай алардын?

- Экипаж мүчөлөрүнүн ахыбалы жашкы. Билесиздер, алардын көпчүлүгү амбулатордук дарыланып эле, чыгып кетишкен. Андан тышкары борткоштоочу менен стюардесса стационардык жардам алышты эле, алар дагы чыгып кетишти.

XS
SM
MD
LG