Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:47

11-СЕНТЯБРЬ КООГАЛАҢЫНА ЖЕТИ ЖЫЛ


2001-жылдын 11- сентябры дүйнөдөгү миңдеген адамдардын эсинде коогалуу күн катары түбөлүккө кала бермекчи. Мындан туура жети жыл мурун АКШнын тарыхында чоң кара так болгон Нью Йорк шаарындгы эң ири террордук чабуул үч миңдей адамдын өмүрүн алып кеткен. 11-сентябрдагы террорчулуктун курмандыктарын бүгүн Бишкектеги АКШ элчилигинде жана “Манас” аскерий аба базасында да эскерилди.

Айрым талдоочулардын баамында, 11-сентябрь коогалаңынан кийин АКШнын коопсуздукту камсыз кылуу жана кызматташуу боюнча Борбор Азия чөлкөмүнө карата көз карашы кескин өзгөрдү. Буга чейин АКШ баш болгон чоң держава өлкөлөр Кыргызстан сыяктуу мамлекеттерге үстүртөн карап келсе, эми өнөктөш катары мамиле жасашууда экендигин Коопсуздук кызматынын мурунку катчысы , саясий ишмер Мирослав Ниязов билдирди:

- Америкалыктар дүйнө жүзүн өзүбүз билгендей башкарабыз деп жүрдү эле. 11-сентябрь алардын күчтүүлүгүнүн кемчилигин көрсөттү. Булар өздөрү жалгыз террорчулук менен күрөшө албай калышты. Ошол түшүнүк эми келе баштады. Ошол эле Орусия, Кытай, АКШ бири бирине таянып иш жасашы керек деп эспетейм.

11-сентябрдагы террордук чабуулдан көп өтпөй эле Кыргызстанда АКШнын аскерий базасы жайгаштыру маселеси чечилген “Манас ” аскерий базасынын жайгаштырылышынын негизги максаты террорчулукка каршы күрөшүү жана Ооганстанда коопсуздукту камсыз кылуу экени айтылып келүүдө. Анткен менен айрым саясый күчтөр бул базаны Кыргызстандын аймагынан чыгарууну талап кылышып, ар кыл чараларды көрүп келишүүдө.

Бишкектин эл аралык аба майданында жайгашкан америкалык аскерий базага байланыштуу бүгүн “Бирдиктүү Кыргызстан” коомдук кыймылы да билдирүү таратты. Анда АКШ баштаган коалициялык күчтөрдүн Кыргызстанда жайгашып, иш-аракетин жүргүзүп баштаганына жети жылдын жүзү болгону, бирок аба базасы Кыргызстандын коопсуздугун бекемдебей эле, тескерисинче АКШдан мыйзамсыз түрдө курал-жарактардын алып келиниши менен менен байланышкан кооптуу жагдай түзүлүп жатканы айтылат.

“Бирдиктүү Кыргызстан” кыймылынын төрагасы Амангелди Муралиевдин баамында, америкалык аскерий база жайгаштырылгандан бери Кыргызстан өз жарандарынын коопсуздугу, экономика жана экология жаатында бир кыйла проблемаларга дуушар болуп жатат.

Ошол эле мезгилде жалпы жалпы чөлкөмдүк коопсузудукту камсыз кылууда дал ушул “Манас” аба базанын ролу чоң деген пикирлер да жок эмес. Саясат таануучу Жолборс Жоробековдун көз карашында, аба базаны өлкөдөн чыгаруу менен Кыргызстан өзүнүн коопсуздугун басаңдатып коюшу толук ыктымал:

- Эгерде бул аба база Кыргызстандан чыгарылса, Тажикстанда болобу, Өзбекстанда болобу, каалаган жерине жайгашып алышы мүмкүн. Бул базанын турушу бизге өзүнүн позитивдүү жактарын көрсөтүп жатат.

Коомчулукту “Манас” аба базасынын аймактык коопсуздукту камсыз кылуудан тышкары кыргыз тарапка төлөп жаткан ижара акы үчү төлөнгөн каражат кандай максатта жумшалып жатат деген суроо да кызыктырып келет.

Саясий ишмер, учурда Швецияда билим алып жаткан Эдил Байсаловдун белгилешинче, базага төлөнчү ижара акынын кандай жумшалып жаткандыгы тууралуу президент К.Бакиев жалпы элге маалымат берүүсү абзел.

Анын айтымында, кыргыз бийлиги 20 млн долларга АКШдан курал жарак эмес, электрондук тыңшоочу апараттардын 192 даанасын сатып алган:

- Кыргыз бийлиги АКШдан 20 млн долларга курал-жарак эмес, оппозицияны тыңшоо үчүн жабдык сатып алганы белгилүү болду. Мен атайын Вашингтондо жарыяланган отчетту иликтеп көрдүм. Пакистан, Израиль сыяктуу террорчулар менен күрөшүп жаткан мамлекеттердин бири да мындай электрондук каражаттарды алышпайт, аларга курал-жарак керек. Биздин Бакиевдин өкмөтүнө дал ушундай электрондук тыңшагыч аппараттар керек. Бул каражат жок дегенде зоотторду, армияны жакшыртууга жумшалса жакшы болмок.

Эдил Байсаловдун айтуусунда, Кыргызстанга мындай жабдыктарды сатканы, аларды “Манас” аскерий аба базасы аркылуу өлкөгө киргизип бергени үчүн АКШ да жооп берүүгө тийиш. Буга байланыштуу бүгүн АКШнын Кыргызстандагы элчилиги билдирүү таратып, электрондук-техникалык жабдыктар Кыргызстанга эмес америкалык “Манас” аскерий аба базасына жиберилгенин кабарлады. Элчиликтин маалымдашыгча, 2007-жылы АКШдан Кыргызстанга коммерциялык түрдө курал-жарак сатуу болгон эмес.

XS
SM
MD
LG