Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:25

ӨЗБЕКСТАН НАРЫН ДАРЫЯСЫНЫН СУУСУН БАШКАРУУГА КАТЫШУУГА КЫЗЫКДАР


Жума башында Алма-Ата шаарында Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын энергетика министрлери жыйын куруп, кыш мезгилинде өз ара кызматташуу маселесин талкуулашкан. Бирок өзбек тарап сунушталган документке кол коюудан баш тартып, Нарын-Сыр-Дарыяны улут аралык дарыя катары таануу тууралуу маселесин койгон. Сүйлөшүүлөр келерки жумада дагы улантылат. Адистер Нарын-Сыр-Дарыяга улуттар аралык дарыя статусун берүүдөн Кыргызстандын өтө катуу зыян тартып калыш мүмкүндүгүн айтышууда.

Үч мамлекет суу-энергетикалык багытта кызматташуу боюнча келишимге жаз айларында да жетише алган эмес. Ошондуктан ал мезгилде Кыргызстан менен Казакстан эки тараптуу келишимге кол коюп, анын негизинде Казакстанга Токтогул суу сактагычынан суу берилген. Бирок ал суу Казакстанга толук жетпей Ташкен менен акыйнек айтышуулар чыккан.

Азыркы кезде кышында энергетикалык тартыштыктар болушу мүмкүндүгүн казак тарап да билдирүүдө. Кыргызстанда абал оордугу белгилүү. Мына ушундай шартта өз ара кызматташуу маселелерин талкуулоо үчүн министрлер Алма-Ата шаарына чогулган. Ал жолугушуунун максаттары тууралуу Кыргызстандын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстар министри Сапарбек Балкыбеков “Азаттыкка” билдирди:

Биздин чогулганыбыздын себеби келе жаткан кышта бири-бирибизге электр энергия, көмүр, жаратылыш газын, мазут берип туруу болгон. Жалпы Орто Азия энергетика системасын кыш мезгилинде аман-эсен алып чыгуу максаты коюлган. Себеби биздин энергетика системабыз бириктирилген, бир система болуп саналат. Бирок өзбек тарап буга байланышы жок кошумча талап койгондуктан протоколго кол койгон жокпуз.

Балкыбеков өзбек тарап койгон талап Нарын-Сыр-Дарыяны улуттар аралык дарыя катары таануу экенин белгиледи:

Өзбек тарап ушундай талап коюп жатат. Бирок мындай талап тышкы иштер министрлиги аркылуу жасалыш керек. Бир жумадан кийин кайра чогулабыз. Бул жыйынга эми тажиктердин делегациясын да чакырып жатабыз. Сүйлөшүүлөрдү улантабыз.

Кыргызстандын мурунку вице-премьер-министри Базарбай Мамбетов Нарын дарыясына улуттар аралык дарыя статусун берүү Кыргызстан үчүн мүмкүн эмес кадам экенин билдирди:

Эгерде биз ошондой статусту берсек, анда Нарын-Сыр-Дарыяга келип жаткан суу ресурстарына биз ээ боло албай калабыз. Алар төрт өлкөнүн келишими менен ошондой документке кол койдуруп, ошондой статусту берип, анан кийин төрт өлкө биргелешип, Нарын-Сыр-Дарыянын суусун башкарат дегенге алып келгени жатышат. Дарыядагы сууну башкарууну Ташкентте орношкон БВО Сыр-Дарыя деген органга өткөрүп бергени жатышат. Эгерде андай болсо биз эч нерсесиз калабыз.

Мындай аракеттер мурда да жасалган, бирок Кыргызстан тараптан кабыл алынбай келгенин Мамбетов кошумчалады:

Эң негизгиси муну тышкы иштер министрлиги чечет дебей эле, биздикилер кескин түрдө ага бара албайбыз, ал Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгына туура келбейт деп кескин жооп бериш керек. Мындай ойлорду четке кагып турушубуз керек.

Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри Сапарбек Балкыбековдун айтымында, кезектеги сүйлөшүүдө да өзбек тарап протоколго кол коюудан баш тартса, анда Кыргызстан менен Казакстан ортосунда сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт. Анын жыйынтыгы боюнча эки тараптуу келишимге кол коюулушу ыктымал.

Кыргызстан азыркы кезде Казакстандан 250 миллион килловат саат электр энергиясын сатып алууга аракеттенүүдө. Бирок анын баасы жогору болот.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG