Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:15

САЛОМЕ ЗУРАБИШВИЛИ: ГРУЗИЯНЫ КРИЗИСТЕН ЖАЛГЫЗ СААКАШВИЛИ САКТАП КАЛБАЙТ


Амирбек Усманов, Прага Евробиримдиктин бийик мартабалуу жетекчилери Грузиядагы кризисти жөндөө аракетинде Москвада жана Тбилисиде болуп кайтышты. Франциянын президенти Никола Саркози баштаган бул миссиянын мааниси, Россиянын басып киришинин Грузиянын эгемендигине болгон коркунучу, өлкөнүн күнкордугун сактоодогу улуттун орду. Бул суроолорго Грузиянын мурдакы Тышкы иштер министри, оппозициядагы Грузиянын жолу партиясынын төрайымы Саломе Зурабишвили эмне дейт?

Грузиянын мурдакы Тышкы иштер министри Саломе Зурабишвили грузин оппозициясындагы көрүнүктүү инсан. Азыр Грузиянын жолу партиясын жетектейт. Зурабишвили 8-сентябрда Евробиримдиктин Никола Саркози башындагы миссиясы Россияны өз аскерлерин Грузиядан чыгарып кетүүгө көндүрүп, чоң ишти жасады дейт. Себеби, “Бул келишим болбосо, биз басып алынган, бирөөнүн ээлиги астындагы, өз укугу жок өлкө катары кала бермекпиз”, деген Зурабишвили орус аскерлери Грузиядан биротоло чыкмайын, өлкөнү күнкорсуз деп эсептебейт:

-Учурда өлкөнүн күнкорсуздугу Ливан жана башка мамлекеттердей чектелүү деп айтаар элем. Азыркы абалдан чыкканча, биз эгемендиги чектелүү өлкө бойдон кала беребиз. Бул, мен үчүн, катастрофага барабар.

Саясатчы айымдын пикиринче, россиялык аскерлерди өлкөдөн чыгаруу үчүн бардык дипломаттык чарага барган оң жана алар чыкканча, коомдогу бардык топтор ар кандай бузукулуктан этият болуусу зарыл:

-Азыр «өкмөт» жана «оппозиция» деп бөлүнгөн жарабайт. Алдыдагы бир айда россиялык аскерлер чыгып кетүүсү үчүн Грузия колунан келгендин баарын жасашы жана жараяндын кайра кайталанышына жол бербөөсү шарт. Биз жактан эч кандай кутумга жол берилбеш керек. Арийне, россиялыктар андай кадамга барбайт деп айта албайбыз.

Грузиядагы чатактын жөндөлүшү 15-октябрда Женевада өтчү конференцияда талкууланат. Чатактын бардык катышуучулары жыйынга катышканда гана максатына жетет, деп ишенет Зурабишвили. Анын баамында, АКШ азыр өз тарыхындагы өтө кызыктуу өткөөл мезгилди баштан кечирүүдө жана Россия бул учурдан пайдаланып, региондогу өз позициясын бекемдеп алуунун айласын кылууда.

Саясатчы айымдын айтышынча, Михаил Саакашвили Грузиянын бүтүндүгүн жалгыз өзүм сактап калам деген жаңылыш оюн таштап, бардык күчтөр менен чогуу иштегени жөндүү. Анткени,«Мындай кризистен бир да өлкөнү жалгыз адам сактап калган эмес. Бардык күчтөр бирикпей бир да өлкө кризистен чыкпайт», дейт Грузиянын мурдакы Тышкы иштер министри, грузин оппозициясынын беделдүү өкүлү Саломе Зурабишвили.

XS
SM
MD
LG