- Сиз чет өлкөдө жашап жатканыңызга жарым жылдан ашып калды. Кыргызстандын турмушуна байкоо жүргүзүп келаткандырсыз. Бүгүнкү Кыргызстандын коомдук-саясий турмушу алыстагы сизге кандай таасир калтырып жатат, кандай көрүнүп атат?
Албетте, чет өлкөдө жашап жатсак дагы, бардык эле жашообуз Кыргызстандын эле жашоосу менен болуп атат. Албетте, ичибиз ачышып, ушунчалык жаман болуп атабыз. Анткени элибиз катуу кризиске учурап, азыркы маанайы сууктан дагы качалбай, ачкачылык да болуп аябай начар турганын билип, сезип эле турабыз.
- Ошол эле мезгилде бийлик азыр таасирдүү саясат жүргүзүп, элдин турмушун оңдогонго жакшы аракеттер көрүлүп жаткандыгын айтып келатат. Бийликтин позициялары менен маалыматыңыз бар да, аракеттери тууралуу эмне деп айта аласыз?
Мындай деп айтыш керек, булар акыркы эки-үч жылдын ичинде оппозиция иштетпей атат, митинг уюштуруп атат, парламент жол бербей атат деген сыяктуу себептерди айтып келишкен. Бирок үч жылдын ичинде дан-азык боюнча баалар менен эмне кылышканын көрдүк. Азыркы учурда Кыргызстанда электр жарыгы жетпей атат, суусун дагы жакшы сактай алышпай, мына азыр көмүр менен камсыз кылалбай турушат. Канча көмүр кендерибиз бар болсо дагы жалгыз Кара-Кечеде бир сынган эксковаторду иштете албай атышат. Ар бир жагын касаңыз, ар бир жагында кризис, жетишкенсиздик гана эмес, чыккынчылык кылып кыргыз элин ушундай жаман абалга батырганы, бул өкмөт элге каршы иштегени көрүнүп калды.
- Эдил, ушул сиздей көз караштагы бир топ саясатчылар оппозициялык маанайдагы жакында кыймыл түзүштү, мен бул жерде “Акыйкат үчүн” кыймылы менен Социал-демократтар партиясынын ортосундагы кеңейтилген коалиция түзүү тууралуу келишимин айтып атам. Сиз ушуга карата көз карашыңыз кандай, чындап эле оппозиция бириге алабы, буларды идеялык кызыкчылыктар бириктирип атабы, же мындай келишим убакылуу жеке кызыкчылыктардан келип чыгып атабы? Анткен менен бир кезде сиз “Реформа үчүн” кыймылда мүчө элеңиз?
Албетте, оппозиция болобу, башка болобу бир иш аракет көрүп, элдин маанайын билдириш керек. Акыркы учурларда митингдерде кайсы бирөөнү кетсин деп, элди пайдалынып жаман атты болгондой сезим болуп калды. Бирок чындыгында мындай эмес. Митинг уюштурабы, элдин маанайын азыр билдириш керек. Болбосо гезиттердин баары тең жабылса эл кандай маалымат алат.
- Сиз Кыргызстанга качан кайтайын деген оюңуз бар?
Сот акыйкаттуу болгондон кийин кайтыш керек. Болбосо булар акты кара деп, караны ак деп турганда акыйкаттык күтүүгө болбойт.
- Сиз куугунтукка кабылган адаммын деп ойлойсузбу өзүңүздү?
Билесизби орустар айтат, за битого двух не битых дают деп. Мага башында кол салуулар болгон, дагы башка нерселер болгон. Мен мындай нерселерден кайра чыйралып, кыргыз үчүн дагы белсенип, башымды сайып иштөөгө даярмын.
- Маегиңизге рахмат.
(Cүрөт: Эдил Байсалов жубайы менен. http://baisalov.livejournal.com булагынан алынды )