Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:09

Польшанын мурдагы коммунист жетекчиси соттолууда


Мурдагы коммунисттик Польшанын лидери, генерал Войцех Ярузелски тээ 1981-жылы өлкөдө чукул кырдаал киргизип, “Солидарност” кесиптик кошууну жетектеген демократиялык күрөштү айоосуз жазалагандыгы үчүн бүгүн сот алдында жооп бере баштады. 85 жаштагы карыя саясатчы эгерде бул кыймылды баспай турган болсо, анда Советтер Биримдигинин танктары Польшага басып кирмек болчу деп актанууда. Эгерде Ярузелски 1980-жылдардагы социалисттик Конституциянын жоболорун бузгандыгы үчүн айыптуу деп табылса, анда ал он жылга чейин абакка кесилиши ыктымал. Бул сот жараяны Польшада мурдагы коммунисттик режимдин жетекчилери демократиялык күчтөрдү талкалоо үчүн өлкөдө чукул кырдаал киргизгендиги үчүн айыпталган алгачкы жолку сот иши болуп калды.

XS
SM
MD
LG